Саламаттыкты сактоо министрлиги негизги ооруканаларды борбор калаанын сыртына көчүрүүнү сунуштап жатат.
Жаңы медициналык шаарчаны Бишкектин түштүк-чыгышындагы Кара-Жыгач айылына жакын жердеги 106 гектар жерге куруу мерчемделүүдө. Ал жерге Улуттук госпиталды, Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасын, Улуттук кардиология борборун, Кургак учукка каршы күрөшүү борборун, айрым төрөт үйлөрүн, Психиатрия-наркология борборун жана башка медициналык мекемелерди жайгаштыруу көздөлүүдө.
Саламаттыкты сактоо министрлиги бул ооруканалардын баары реконструкцияланышы керектигин жана бүгүнкү дүйнөлүк стандарттарга жооп бербей калганын белгиледи.
Министрликтин жүйөөлөрү:
Бишкектин борборунда орун чектелүү (чоң жер тилкесин табуу кыйын, эски имараттарды оңдогондон көрө чет жакага куруу арзаныраак)
Шаардын четине тик учак үчүн аянтчасы, кенен өтмөктөрү бар заманбап оорукананы уюштуруу жеңил
Шаардын четинде тынчыраак, аба таза, стресс аз – бул бейтаптардын сакайып кетишине оң таасирин тийгизет. Ошондой эле санитардык аянтчаларды жана изоляция талаптарын сактоо жеңил
Жол тыгындары жана коммуналдык басым азаят, бошогон жерлерге парктарды, мектептерди курууга болот.
Ошол эле учурда Саламаттыкты сактоо министрлиги айрым ооруканалар шаардын ичинде калышы керектигин белгилейт. Буга тез жардам станциялары, төрөт үйлөрү, балдар ооруканалары, поликлиникалар жана башкалар кирет.