Башкы беткеМаанилүүАдылбек Касымалиев Эмомали Рахмон менен жолугушту

Адылбек Касымалиев Эмомали Рахмон менен жолугушту

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Душанбе шаарына болгон иш сапарынын алкагында Тажикстан президенти Эмомали Рахмон менен жолукту.

Жолугушуу Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары жана КМШнын Аткаруу комитетинин башкы катчысы менен биргеликте болду.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө КМШга мүчө мамлекеттеринин Өкмөт башчыларынын кеңешинин алдыдагы чечимдери КМШдагы интеграциялык процесстерге жаңы дем берип, жамааттык туруктуулукту бекемдеп, жарандардын бакубаттуулугун жогорулатуу үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзүлөрү айтылды.

Андан соң КМШга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен биргеликте сүрөткө түшүү аземи болду.

Эскерте кетсек, бүгүн 5-июнда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Өкмөт башчыларынын кеңешинин тар жана кеңейтилген курамдагы жыйыны өткөрүлөт. Отурумдун жүрүшүндө соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык тармактар боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, чечимдер кабыл алынат.

Гезит

Мукай Элебаев Күндөлүктөн чыккан үн

Убакыт сынаган өмүр жана доор     Быйыл кыргыз жазуучусу Мукай Элебаевдин туулганына 120 жыл толот. Бүгүн ал биз менен түз сүйлөшө албайт, бирок анын ой-пикирлери,...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар