Башкы беткеСаясат жана коомКоомЖеңиштин 80 жылдыгына карата 40 млн сомго сериал тартуу пландалууда

Жеңиштин 80 жылдыгына карата 40 млн сомго сериал тартуу пландалууда

Маданият министрлигине караштуу Кинематография департаментинин «Кыргызсериал» мекемеси Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата тарыхий көркөм сериал тартууга тендер жарыялады. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталында айтылат.

Тасма 8 сериядан туруп, ар биринин узактыгы 45-50 мүнөттөн болушу керек. Жеңиштин 80 жылдыгына арналып тартылган тасмада фашисттик баскынчыларга каршы согуштагы кыргызстандык жоокер аялдардын эрдиги чагылдырылышы керек. Аны тартууга 40 млн сом каралган.

Тендер боюнча арыздар 5-мартка чейин кабыл алынат.

Гезит

Мукай Элебаев Күндөлүктөн чыккан үн

Убакыт сынаган өмүр жана доор     Быйыл кыргыз жазуучусу Мукай Элебаевдин туулганына 120 жыл толот. Бүгүн ал биз менен түз сүйлөшө албайт, бирок анын ой-пикирлери,...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар