whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
20.06.2025
21.7 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомРепрессия курмандыктарын актоо боюнча комиссиянын алдында жумуш тобу түзүлдү

Репрессия курмандыктарын актоо боюнча комиссиянын алдында жумуш тобу түзүлдү

Репрессия курмандыктарын актоо боюнча комиссиянын курамын Жогорку Кеңеш бекиткенден кийин биринчи жолу жыйынга чогулду. Аталган комиссия 21 кишиден туруп, курамына парламент депутаттары, тарыхчы, окумуштуулар, коомдук уюмдардан өкүлдөр кирген.

Ошондой эле комиссиянын алдында 18 кишиден турган жумушчу топ түзүү чечими кабыл алынып, мүчөлөрү аныкталды. Ага тарыхчылар жана архив менен иштеген адистер, ошондой эле репрессия темасында жазып жүргөн изилдөөчүлөр мүчө болду.

Жумушчу топ мурда жашыруун саналып келген репрессияга байланышкан архивдерди изилдеп, комиссияга маалыматтарды берип турат.

“Саясий жана диний ынанымы үчүн, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтуктан жапа чегип акталган граждандардын укугу жана гарантиялары жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө” мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзамына президент Садыр Жапаров 2024-жылдын 31-декабрында кол койгон.

Документте 1918-1924-жылдардагы “кызыл террор” жана 1929-1953-жылдардагы сталиндик репрессия мезгилиндеги окуяларды түшүнүүгө жана аларга саясий баа берүүгө убакыт келгени жазылган. Бул жылдар аралыгында саясий жана диний ишеними үчүн, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтукка алынган, өлтүрүлгөн миңдеген адамдар ушул күнгө чейин толук акталып, реабилитация боло электиги белгиленген.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар