Башкы беткеМаанилүүНоорузга карата чет өлкөлүк өкмөт башчылары куттуктоо жөнөтүштү

Ноорузга карата чет өлкөлүк өкмөт башчылары куттуктоо жөнөтүштү

Нооруз майрамына карата Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиевдин дарегине бир катар чет мамлекеттердин өкмөт башчыларынан куттуктоо телеграммалары келип түштү.

Грузиянын Премьер-министри Ираклий Кобахидзе өз куттуктоосунда Нооруз тынчтыктын, жакшылыктын жана жаңылануунун символу экенин белгилеп, Кыргызстан менен Грузиянын ортосундагы достук мамилелер жогору бааланарын билдирди. Ал эки өлкөнүн кызматташтыгы мындан ары да элдердин жыргалчылыгы үчүн бекемделе берерине ишеним артты.

Казакстандын Премьер-министри Олжас Бектенов да куттуктоо жолдоп, бул майрам адамдарды кайрымдуулукка, ынтымакка жана өз ара түшүнүшүүгө үндөй турганын белгиледи. Ал боордош элдердин ортосундагы достук жана жакшы коңшулаштык байланыштар мындан ары да өнүгөрүнө ишеним билдирди.

Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин Премьери Ли Цян өз кайрылуусунда Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы ар тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө даяр экенин белгиледи. Ошондой эле ал эки өлкөнүн өнүгүү стратегияларын шайкеш келтирүү багытындагы иштер улантыларын кошумчалады.

Өзбекстандын Премьер-министри Абдулла Арипов болсо куттуктоосунда Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы достук жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелер мындан ары да чыңдала берерине ишеним артты. Ал акыркы жылдары жетишилген жогорку деңгээлдеги макулдашуулар эки тараптуу кызматташууну жаңы деңгээлге чыгарарын белгиледи.

Куттуктоолордо негизинен тынчтык, туруктуулук, өз ара урматтоо жана мамлекеттер аралык кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүү каалоолору айтылган.

Гезит

Башкаруудагы айымдардын орду

Жакында Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Нью-Йорк шаарындагы штаб-квартирасында Аялдардын абалы боюнча комиссиясынын 70-сессиясы болуп өттү. Бул дүйнөлүк денгээлдеги иш-чарада гендердик тенчиликти илгерилетүүгө, аялдар менен...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар