2026-жылдын 1-апрелинен тартып өлкөдөгү медицина тармагынын кызматкерлеринин эмгек маяналары 100 пайызга жогорулатылат. Бул чечим медицина кызматкерлеринин социалдык абалын жакшыртуу жана тармактагы кадр тартыштыгын азайтуу максатында кабыл алынды.
Мамлекет башчысы буга чейин дарыгерлерди колдоо, алардын эмгек шарттарын жакшыртуу жана маяналарын көтөрүү зарылдыгын белгилеген. Учурда бул багытта тиешелүү иштер жүргүзүлүп, медициналык мекемелердеги жүктү азайтуу жана адистердин жетишсиздигин жоюу боюнча чаралар көрүлүүдө.
Апрель айынан тартып жаш дарыгерлердин айлыгы олуттуу көбөйөт. Бүгүнкү күндө 13 581 сом алган жаш адистер эми 35 248 сом өлчөмүндө айлык ала баштайт. Ошондой эле эмгек стажына жараша кошумча төлөмдөр толугу менен сакталат.
Мындан тышкары, алыскы жана бийик тоолуу аймактарда иштеген медицина кызматкерлерине орточо эсеп менен кошумча 30 пайыз үстөк каралган.
Медицина кызматкерлерин колдоо максатында турак жай маселесине да өзгөчө көңүл бурулууда. Мамлекеттик ипотекалык программа аркылуу дарыгерлерге жеңилдетилген шарттар менен батир берүүдө артыкчылык каралат. Ошондой эле “Дарыгердин депозити” программасынын алкагында дарыгерлерге квартал сайын 66 000 сом төлөнүп берилет.
Талап кылынган адистиктер (педиатр, неонатолог, анестезиолог, реаниматолог, жалпы хирург) боюнча иштеген жаш дарыгерлерге кошумча ай сайын 20 000 сом өлчөмүндө төлөм каралган.
Мындан сырткары, өлкөдө иштеп жаткан 28 миң медайымдын айлык акысы да үч эсеге чейин жогорулатылат. Тактап айтканда, алардын маянасы 8 541 сомдон 29 053 сомго чейин өсөт.
Учурда республика боюнча медициналык мекемелерде жалпы 1596 дарыгер жетишсиз. Ушуга байланыштуу медициналык билими бар жарандар бош жумуш орундар боюнча маалымат алуу үчүн өздөрү жашаган аймактагы саламаттык сактоо мекемелерине кайрылса болот.

