whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
15.11.2025
13.1 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүү1-октябрдан тарта орточо пенсия 11 226 сомго жетти

1-октябрдан тарта орточо пенсия 11 226 сомго жетти

Кыргызстанда 2025-жылдын 1-октябрынан тарта пенсиялар жогорулады. Социалдык фонд индексациялоо жүргүзгөндөн кийин өлкө боюнча орточо пенсия 11 миң 226 сомду түздү.

Социалдык фондтун маалыматына ылайык, пенсиялардын көбөйүшү 818 миң 700дөн ашык пенсионерге тиешелүү жана бул үчүн болжол менен 2,04 миллиард сом бөлүнөт.

Пенсияларды индексациялоо механизми:

  • 50 миң сомго чейинки пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 1,1 коэффициенти менен индексацияланды, минималдуу жогорулатуу 600 сомду түзөт.

  • 50 000 сомдон жогору пенсиялар үчүн индексация 5 000 сомго чейин чектелди.

  • Пенсиянын минималдуу жалпы өлчөмү (кошумчалар менен) 1-октябрдан тарта 7 100 сом болду.

Эске салсак, пенсия алуу жашы мурдагыдай: аялдар үчүн 58, эркектер үчүн 63 жаш.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар