Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыФилиппинде тайфундан улам өзгөчө абал киргизилди

Филиппинде тайфундан улам өзгөчө абал киргизилди

Филиппиндин президенти Фердинанд Маркос-младший өлкөдө өзгөчө абал режимин жарыялады. Бул чечим өкмөттүн каржылык жардамды ыкчам бөлүштүрүүсүнө жана азык-түлүккө баанын көтөрүлүшүнө жол бербөөгө шарт түзөт.

Өлкөдө «Калмаэги» тайфунун кесепеттерин жоюу иштери уланууда. Расмий маалыматтарга ылайык, 140 адам каза болуп, ондогон адамдар дайынсыз жоголгон. Жалпысынан 2 миллионго жакын жаран жабыркаган, алардын ичинен 560 миңден ашууну үйлөрүн таштап чыгууга мажбур болгон.

Табигый кырсыктан Себу провинциясындагы Талисай шаарында ондогон үйлөр кыйрап, инфраструктура олуттуу жабыр тартты. Ошондой эле, Агусан-дель-Сур провинциясында филиппин аба күчтөрүнө таандык тик учак кулап, анын айынан алты аскер каза болду.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар