Бүгүн 8-сентябрда Асман мамлекеттик авиакомпаниясы Бишкек-Нарын алгачкы аба каттамын ийгиликтүү ишке ашырды.
Президент Садыр Жапаров Нарын аэропортунун ачылуу аземине катышты жана өлкөнүн өнүгүүсү үчүн аэропорттордун маанилүү тармак экенин айтып кетти.
Сентябрь айынан тартып Нарын аэропорту кайрадан учактарды кабыл ала баштады. 1999-жылдан бери жабык турган аэропорттун учуу-жабуу полосасы жана аэровокзалы жаңыртылды. Эми ал кичи авиация учактарын жана жакын аралыктагы авиалайнерлерди – Ан-2, Ан-26, Ан-28, Як-40, Dash Q400 кабыл ала алат.
Мамлекеттик «Асман Эйрлайнс» компаниясы аэропортко алгачкы техникалык рейсти жасады. Аэропорт шаардан 2133 метр бийиктикте жайгашкан.

