Бишкекке жаңы жүзгө жакын автобус алынып келинди

Кытай Эл Республикасынан Бишкек шаарына 95 жаңы Yutong маркасындагы автобус жеткирилип, учурда №1 автобекетке жайгаштырылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы маалымдады.

Автобустардын узундугу 12 метрди түзүп, үч эшик менен жабдылган. Жайкы мезгилде кондиционерлер, ал эми кышында жылытуу системалары иштейт. Ар бир автобус орто эсеп менен 70 жүргүнчүнү ташууга ылайыкталган.

Мэриянын маалыматына ылайык, акыркы үч жыл ичинде борбор калаага Кытайдан 1000 жаңы газ менен иштеген автобус алынып келип, 3000ден ашык микроавтобустун ордун баскан. Ошондой эле эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосу менен 120 электр автобус сатып алынып, 85 кубаттоочу станция орнотулган. №1 жана №2 автобекеттер толугу менен жаңыртылган.

Учурда Бишкек шаарында күн сайын 1500дөн ашык коомдук транспорт каттамга чыгат. Тармакта жалпысынан 3500гө жакын кызматкер иштейт, алардын 2500ү айдоочулар.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз