Бүгүн БУУ биринчи жолу Түрк тилдеринин дүйнөлүк күнүн белгилеп жатат

Бүгүн, 15-декабрда Бириккен Улуттар Уюму алгач ирет Түрк тилдеринин дүйнөлүк күнүн белгилеп жатат. Бул чечим ноябрь айында Самарканд шаарында өткөн ЮНЕСКОнун Башкы конференциясында кабыл алынган.

ЮНЕСКО бул күндү белгилөөнү тилдик ар түрдүүлүктү жана жалпы адамзаттык маданий мурасты таануунун маанилүү кадамы катары баалайт. 15-декабрдын тандалышы да символикалуу: дал ушул күнү, 1893-жылы даниялык окумуштуу Вильгельм Томсен Орхон жазууларындагы байыркы түрк алиппесин чечмелегенин жарыялаган.

ЮНЕСКОнун маалыматына ылайык, бүгүн дүйнө жүзүндө 200 миллиондон ашуун адам түрк тилдеринде сүйлөйт. Бул күндү белгилөө түрк тилдерин жана маданиятын сактоого, түрк элдеринин ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого жана руханий баалуулуктарды келечек муундарга өткөрүүгө багытталган.

Демилгени Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркия жана Өзбекстан көтөрүп чыгып, ЮНЕСКОнун дагы 26 мүчө-мамлекети колдогон.

Иш-чаранын алкагында түрк элдеринин фольклордук мурастарын камтыган антологиянын биринчи тому сунушталып, бул долбоор кийинки жылдары да улантылары айтылды.

Адистердин пикиринде, Түрк тилдеринин дүйнөлүк күнүнүн белгилениши түрк дүйнөсүнүн тилдик жана маданий биримдигин эл аралык деңгээлде тааныткан маанилүү тарыхый окуя болуп саналат.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз