Бүгүн Бишкекке расмий иш сапары менен Россиянын коргоо министри Андрей Белоусов жана Кытайдын коргоо министри Дун Цзюнь келди. Бул тууралуу Кыргызстандын Коргоо министрлиги билдирди.
Жогорку даражалуу конокторду “Манас” эл аралык аэропортунан Кыргызстандын коргоо министри Руслан Мукамбетов жана Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн кол башчысы Талантбек Талипов тосуп алышты.
Маалыматка ылайык, сапардын алкагында алар Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешмесине катышат.