Кыргызстанда айыл чарбасын каттоо өнөктүгү 2026-жылдын 20-мартынан 10-апрелине чейин өткөрүлөт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, өнөктүктү өткөрүү боюнча координациялык жыйынга Улуттук статистика комитетинин өкүлдөрү да катышты. Райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарынын өкүлдөрү каттоо кампаниясын өз мөөнөтүндө жана сапаттуу өткөрүүгө даяр экендиктерин билдиришти.
Жыйындын жүрүшүндө министр Эрлист Акунбеков белгилегендей, айыл чарбасындагы маалыматтарды каттоо иши:
- өлкөдөгү тармактын реалдуу абалын аныктоого,
- асыл тукум малдын санын тактоого,
- тармакты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясатты натыйжалуу жүргүзүүгө
өзгөчө өбөлгө түзөт.
Ошондой эле асыл тукум мал тууралуу маалыматтар электрондук форматта, тиешелүү фотосүрөттөрү менен чогултулуп, малдын толук тизмеси түзүлүп, маалыматтарды тактоо иштерине көңүл бурулууда.
Мындан тышкары, Мамлекеттик жер фондунан айыл чарба багытында убактылуу пайдаланууга берилген жерлер боюнча маалыматтарды тактоо, ижарачылардын тизмесин облустук жана райондук статистикалык органдарга берүү милдети коюлду.
Каттоо иштерин санариптик платформалар аркылуу жүргүзүү пландалган. Бул максатта жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана жооптуу кызматкерлер үчүн окутуу иштери уюштурулуп, маалыматтарды толтуруунун тартиби түшүндүрүлөт.
Белгилей кетсек, өнөктүк 20 күндүн ичинде бардык айыл жана район боюнча жооптуу кызматкерлер тартылып, тиешелүү уюштуруу иштерин аткаруу менен жүргүзүлөт.

