Казакстан суюлтулган мунай газын, пропан жана бутанды экспорттоого болгон тыюуну дагы 6 айга узартты. Бул тууралуу Казинформ билдирди. Тиешелүү токтомго өлкөнүн энергетика министри кол койгон.
Жаңы чечимге ылайык, автоунаа жана темир жол аркылуу суюлтулган газды өлкөдөн чыгарууга 2025-жылдын 14-ноябрынан тартып кайрадан тыюу салынат.
Ошол эле учурда бир катар өзгөчө учурлар үчүн экспортко уруксат калтырылат:
-
Президент бекиткен продукцияны бөлүштүрүү же жер казынасын пайдалануу келишимдери боюнча иштеген компаниялар;
-
“Карачаганак” кениндеги казакстандык чийки заттан алынган товарлардын эл аралык келишимдер боюнча экспорту;
-
Казакстандын аймагынан башталып, бирок токтоп калган транзиттик жүктөр;
-
Өкмөт бекиткен гуманитардык жардам катары жөнөтүлгөн товарлар.
Белгилей кетсек, суюлтулган газды экспорттоого алгачкы тыюу 2025-жылдын 14-майынан тартып 6 айга киргизилген болчу.


