whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
15.12.2025
-1.9 C
Бишкек
Башкы беткеЭл аралык мамилеКыргызстан менен Франция медициналык шаарча куруу долбоорун талкуулады

Кыргызстан менен Франция медициналык шаарча куруу долбоорун талкуулады

Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев жетектеген делегация Францияга болгон иш сапарында Франциянын Казына департаментинин жетекчилиги менен жолугушуп, Кыргызстанда медициналык шаарча куруу мүмкүнчүлүгүн талкуулады. Жолугушууга ошондой эле Кыргызстандын Франциядагы элчилигинин өкүлдөрү жана Франциянын Экономикалык мамилелер жана өнөктөштүктөр боюнча директордун орун басары Фанни Лабарт, түз экспорттук каржылоо бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Мартен Фоллиассон катышты.

Тараптар медициналык инфраструктураны өнүктүрүү, финансы механизмдери жана кызматташтыктын форматтары боюнча кеңири пикир алышышты. Основной тема — Кыргызстанда диагностика, дарылоо, техникалык тейлөө жана кадр даярдоо кызматтарын камтыган заманбап интеграцияланган медициналык шаарча куруу долбоору болду.

Жолугушууда Франциянын медициналык объектилерди долбоорлоо жана башкаруудагы тажрыйбасын колдонуу мүмкүнчүлүктөрү да талкууланды. Тараптар каржылоо моделдерин карап чыгып, сунуштарды эксперттик деңгээлде мындан ары деталдоого келишти.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Кыргызстан менен Франция саламаттык сактоо системасын модернизациялоого багытталган долбоор боюнча диалогду улантууга даяр экенин тастыкташты.

Гезит

Өнөрүң өркүндөсүн – Динислам Жайлаубай

Кыргыз-казак эзелтеден, бири-биринин өнөрүнө кумар, тарых-тамыры, салт-санаасы бир эл. Айрыкча, кыргыздын күлүгү болсун, жоргосу болсун казакка барып байге албаса, атагы артпайт. Казак тарабы деле...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар