Башкы беткеМаанилүүВладимир Путин Кыргызстанга келет

Владимир Путин Кыргызстанга келет

Орусиянын президенти Владимир Путин Бишкекте өтө турган Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) саммитине катышуу үчүн Кыргызстанга келет. Бул тууралуу маалымат Кремлдин расмий сайтында жарыяланды.

Путин Казакстандын президенти менен болгон жолугушууда: «Биз Бишкекте өтө турган ЖККУ саммитинде жолугабыз», — деп билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкектеги саммитте уюмга мүчө мамлекеттер Жамааттык коопсуздук кеңешинин декларациясын кабыл алышат. Анда дүйнөлүк кырдаалды баалоо жана аймактык тынчтыкты чыңдоо маселелери каралат.

Жыл аягына чейин Путин КМШ жана ЕАЭБ саммиттерине да катышары белгиленди.

Гезит

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар