Башкы беткеМаанилүүКыргыз-тажик чек арасына 116 чакырымга зым тосмо орнотулду

Кыргыз-тажик чек арасына 116 чакырымга зым тосмо орнотулду

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасын коргоо максатында дээрлик 116 чакырымга тикенек зым тосмолор орнотулду. Бул тууралуу Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда тосмо жумуштары Лейлек районунун Максат айылынын аймагында жүрүүдө. 12-ноябрга карата Баткен облусу боюнча жалпы 115 чакырым 958 метр аралыкка зым тартылган. Анын ичинен Баткен районунда – 84 чакырым 806 метр, Лейлек районунда – 31 чакырым 152,5 метр тосмолор орнотулду.

Мындан тышкары, чек ара тосмосун бойлой 176 чакырым жол курулган.

Гезит

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар