Башкы беткеМаанилүүПрезидент Садыр Жапаров бир тараптуу санкцияларды токтотууну талап кылды

Президент Садыр Жапаров бир тараптуу санкцияларды токтотууну талап кылды

Президент Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясынын 80-сессиясында сүйлөгөн сөзүндө бир тараптуу санкцияларды токтотууну талап кылды. Мамлекет башчысы бир беткей санкциялар деген аныктаманы да кашкайган фактылар менен тастыктап берди. Маселен, 2024-жылы Европа бирлигинин өлкөлөрү Россия менен 141 миллиард долларга соода жүргүзсө, анын 36 миллиард доллары Россиядан импорттолгон товарлар болгон.

Ал эми Кыргызстандын 2 банкына каршы санкция жарыялаган Британиянын өзү 2024-жылы Россия менен 2,2 миллиард долларга соода жүргүзгөн.
Бир тараптуу санкциялар бизге, жаңыдан бутуна туруп келе жаткан өлкөгө да кесепетин тийгизип жатканын белгилеп, Кыргызстандын лидери экономикалык кызматташтыкты жана сооданы саясатташтырууга каршы экендигин билдирди.
Президент Кыргызстан өзүнүн эл аралык милдеттенмелерин ар дайым так аткарып келгенин жана аткара бере турганын билдирип, өлкө жетекчилиги өз жарандарынын кызыкчылыгын, өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүн курмандыкка чалбай турганын бекем айтты.

Кыргызстанга карата жарыяланган санкциялар жалган маалыматтарга негизделгенин, кыргыз бийлиги банктардын ишмердүүлүгүн кылдат текшерттирүү үчүн көз карандысыз эл аралык аудиттерди кабыл алууга даярдыгын билдирди.

Гезит

Кумтөр – өлкөнүн экономикалык эгемендүүлүгүнүн символу

  «Кумтөрдүн өлкөнүн толук менчигине кайтарылышы менен Кыргызстанда саясий коррупцияны жоюу башталды». Садыр Жапаров               Кумтөр кени 2021-жылдан тартып өлкөнүн...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар