Башкы беткеМаанилүүБШКга жаңы мүчөлөр шайланды

БШКга жаңы мүчөлөр шайланды

Бүгүн, 24-сентябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссияга эки жаңы мүчө шайланды. Алардын бири — мурдагы мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, экинчиси — Кабылбек Мамбетапов.

Сүйүнбек Касмамбетов 2021-жылдын октябрында мамлекеттик катчы болуп дайындалып, 2025-жылдын май айында кызматтан кеткен.

Кабылбек Мамбетапов буга чейин Сузак райондук мамлекеттик администрациясында түрдүү кызматтарды аркалап, Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министринин орун басары, Айыл чарба министрлигинде Жер-суу көзөмөлдөө кызматынын директору болуп иштеген. 2012-жылы ал «Ата Журт» саясий партиясынын Жалал-Абад облусу боюнча координатору болгон.

Гезит

Эффект Ормузского пролива

Конфликт вокруг Ирана потрясает мировую экономику                   Ближний Восток играет ключевую роль в глобальной энергетической системе и международной...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар