Япония Сирияга 53 миллион доллар өлчөмүндө жардам берүүнү пландоодо. Бул тууралуу дүйшөмбү күнү Япониянын Тышкы иштер министрлигинин жогорку даражалуу өкүлү Сирияга жасаган иш сапарынын алкагында белгилүү болду.
Япониянын ТИМинин парламенттик иштер боюнча орун басары Ониси Ёхэй Сириянын борбору Дамаск шаарына барып, өлкөнүн өткөөл өкмөтүнүн каржы министри Мохаммед Ясер Барния жана башка расмий өкүлдөр менен жолугушууларды өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө Ониси Япония эл аралык уюмдар жана өкмөттүк эмес уюмдар аркылуу көрсөтүлүп жаткан жардамдан тышкары, дээрлик 15 жылдык тыныгуудан кийин Сирия менен эки тараптуу экономикалык кызматташтыкты кайра жандандырууну көздөп жатканын айтты.
Маалыматка ылайык, Япониянын учурдагы каржы жылына карата кошумча бюджетинде Сириядагы качкындардын мекенине кайтып келүүсүнө колдоо көрсөтүү жана химиялык куралдарды жок кылуу иштерине 53 млн доллар бөлүү каралган.
Мындан тышкары, тараптар адам ресурстарын өнүктүрүү жаатындагы кызматташтыкты, анын ичинде миналарды тазалоо, табигый кырсыктарга каршы аракеттенүү маселелерин, ошондой эле жапон компанияларынын инвестицияларын колдоого багытталган форум өткөрүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.
Эске салсак, Сирияда 2011-жылы жарандык согуш башталып, 2024-жылдын декабрында президент Башар Асаддын авторитардык режими кулаган. Азыркы тапта өткөөл өкмөт узакка созулган куралдуу жаңжалдан кийин өлкөнү калыбына келтирүү аракетин көрүүдө.


