Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, өлкөнүн негизги ашуулары жана унаа жолдору ачык, жол кыймылы үзгүлтүксүз камсыздалууда.
Жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери жолдорду кардан тазалоо жана инерттик материалдарды чачуу иштерин тынымсыз жүргүзүп жатышат.
Ошол эле учурда Нарын – Акталчат – Казарман унаа жолунун 40–99-чакырымдар аралыгында бир тараптуу каттам уюштурулган.
Белгилей кетсек, 12-декабрдан тарта аталган жол тилкесинде кар көчкү түшүү коркунучу жаралгандыгына байланыштуу жеңил жана оор жүк ташуучу автоунаалар үчүн убактылуу чектөө киргизилген. Учурда №18 Жол тейлөө ишканасы тарабынан жолду кардан тазалоо жана инерттик материал чачуу иштери улантылууда.
Министрлик айдоочуларды тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол жүрүүдө унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып, керектүү коопсуздук шаймандарын ала жүрүүгө чакырат.


