АКШ президенти Дональд Трамп Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевди жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевди кийинки жылы Майами шаарында өтө турган G20 саммитине чакырарын билдирди. Бул тууралуу ал эки лидер менен өз-өзүнчө телефон аркылуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндөн кийин маалымдады.
Бул чакыруу Вашингтондун Борбор Азияга болгон көңүлү күчөп жатканын көрсөтүп, аймактагы тынчтык демилгелерине, чыр-чатактарды жөнгө салууга жана стратегиялык маанидеги пайдалуу кендерге бай региондо соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө басым жасалып жатканын айгинелейт.
Дональд Трамп Truth Social социалдык платформасында АКШнын Казакстан жана Өзбекстан менен болгон мамилелерин “таасирдүү” деп мүнөздөдү.
«Бүгүн эртең менен мен Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаев жана Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзиёев менен эки сонун телефон сүйлөшүүсүн өткөрдүм. Биз учурдагы чыр-чатактарда тынчтыкка жетүүнүн маанилүүлүгүн, ошондой эле өлкөлөрүбүз ортосундагы сооданы жана кызматташууну кеңейтүү маселелерин талкууладык. Эки өлкө менен болгон мамилелер таасирдүү. Кийинки жылы АКШ G20 саммитин өткөрөт жана бул өтө маанилүү иш-чарага, Майами шаарында өтө турган саммитке, эки лидерди конок катары чакырабыз», — деп жазды Трамп.
Казакстан президентинин басма сөз кызматы билдиргендей, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки тараптуу мамилелер жана эл аралык чакырыктар, анын ичинде Украинадагы жаңжал негизги темалардын бири болду.
Касым-Жомарт Токаев бул кризистин татаалдыгын белгилеп, аймактык маселелер негизги орунда турарын жана бардык тараптардан компромисс талап кылынарын айтты. Ал тынчтыкка жетүү үчүн сабырдуулукка, ийкемдүүлүккө жана кесипкөйлүккө чакырды.
Казакстан расмий ортомчу болууну көздөбөсө да, зарыл болгон учурда ак ниеттик духунда сүйлөшүүлөр үчүн аянтча берүүгө даяр экенин билдирди.


