Түркиянын ички иштер министри учактын сыныктары табылганын билдирди. Ливия тарап учакта болгон бардык жүргүнчүлөрдүн каза болгонун расмий тастыктады.
Ливиянын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын жетекчиси Мохаммед Али Ахмед аль-Хаддад бараткан учак Анкара шаарынын жанында кырсыкка учурады. Ал Анкарада өткөн расмий жолугушуудан кийин Триполи шаарына кайтып бараткан.
Аль-Хаддад менен бирге учакта Кургактагы аскерлердин штабынын жетекчиси, Аскердик өндүрүш башкармалыгынын директору, Башкы штаб жетекчисинин кеңешчиси жана басма сөз кызматынан фотограф да болгон. Ливиянын Улуттук биримдик өкмөтүнүн премьер-министри Абдулхамид Дибейбе кырсыктын кесепетинен аль-Хаддад жана аны менен кошо бараткан адамдардын баары каза тапканын билдирди.
Маалыматка ылайык, учак Анкаранын Хаймана районуна караштуу Кесиккавак айылына жакын тоолуу аймакка кулаган. Түркиянын ички иштер министри Али Ерликая жандармерия кызматкерлери учактын сыныктарын айылдан түштүк тарапта болжол менен 2 чакырым аралыкта тапканын маалымдады.
Falcon 50 үлгүсүндөгү бизнес-джет (борт номери 9H-DFJ) Анкаранын Эсенбога аэропортунан кечки саат 20:10до учуп чыгып, Триполиге багыт алган. Саат 20:52де учак менен байланыш үзүлгөн. Министр Ерликаянын айтымында, Хаймана аймагында учуп бара жаткан учактан аргасыз конууга аракет кылып жатканы тууралуу белги түшкөн, бирок андан кийин байланыш толугу менен жоголгон.


