Ош шаарындагы борбордук көчөлөрдүн бири болгон Ленин көчөсүнө Алымбек Датканын аты берилди. Бул тууралуу мэр Жеңишбек Токторбаевдин сунушун Ош шаардык кеңеши 3-июлда колдоп, чечим кабыл алды.
Ал эми июндун башында мэрдин чечими менен Ош шаарынын борбордук аянтындагы Владимир Лениндин эстелиги алынган.
Быйыл январь айында президент Садыр Жапаров “Баткен, Нарын, Ош, Талас жана Чүй облустарынын айрым айыл аймактарын жана айылдарын кайра атоо жөнүндө” мыйзамга кол койгон.
Мыйзам улуттук идеологияны чыңдоого, өткөн жана азыркы мезгилде кеңири белгилүү жана колдонуудагы айрым айыл аймактардын жана айылдардын аталыштарын мыйзамдаштыруу максатында иштелип чыгып, кабыл алынганы жазылган.
Бишкектеги төрт райондун — Ленин, Октябрь, Биринчи май жана Свердлов райондорунун атын өзгөртүү маселесин Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу 2022-жылы биринчи Элдик курултайда көтөргөн.