Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева «Эне үйү» энелерди жана балдарды колдоо ресурстук борборуна барды. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы маалымдады.
Жамиля Жаманбаева борбордун шарттары менен таанышып, балдары менен бирге жашап жаткан энелер менен баарлашты. Ал Акыйкатчы институту зарыл учурда аялдарга укуктук жана психологиялык жардам көрсөтүүгө даяр экенин белгиледи.
«Канча оор абал болбосун, эне менен бала бирге болушу керек. «Эне үйү» сыяктуу борборлордун ачылышы абдан маанилүү. Алар энелерге убактылуу баш калкалоочу жай берип, мамлекеттик жана укук коргоо органдарына кайрылууга, кырдаалды баалап, өзүн жана баласын ойлоп туура чечим кабыл алууга шарт түзөт», — деди акыйкатчы.
Борбордо эки эне ымыркайлары менен жашап жатканы маалым болду. Анын аймактык өкүлү Назгүл Турдубекова билдиргендей, борбор ачылган алгачкы жумада эле 25 арыз келип түшкөн.
Маалыматка ылайык, «Эне үйү» жаңы төрөлгөн ымыркайы бар аялдарды кабыл алып, аларга бир жылга чейин жашоого шарт түзөт. Борбордо турак жай менен катар психологиялык жана укуктук жардам, документтерди калыбына келтирүү, ишке орношуу ж.б боюнча колдоо көрсөтүлөт.
Борбордун негизги максаты — баланын энеси менен чогуу болуусуна шарт түзүү жана балдар үйүнө түшүп калуу коркунучун азайтуу. Бул мекеме эл аралык Mothers Home International Foundation (MHIF) фонду тарабынан колдоого алынган.