(Жаңы романдан үзүндү)
Өңгөлөрдү билбейбиз, бирок биздин өлкөдө өлүмдү жазгыргысы келгендер, колдон келсе бир эмес, бир нече жолу адаштырып, беш күнчөлүк өмүрдү ошентип утур-утур узартып отуруп, колдорунан келсе жер бетинде түбөлүк жашап калууну эңсегендер толтура тура! Арасында карысы да бар, жашы да бар дейт. Аялы да, эркеги да аралаш дейт. Анан да генетикти төбөлөрүнө көтөрүп, эмитен эле “улуттук баатыр” атыктырып алышыптыр. Алды оозу-мурду кыйшайбай генетикке “Ак шумкарды” ыйгарууну сурап, өкмөткө талап койгондор пайда болуптур. Алты күндөн бери өлкөнүн булуң-бурчунан телефондун жаагы кызыганча тындырбай чалышып, тымтырс жаткан Академиябыздын тынчтыгы бузулду дейт. Эң кызыгы академиянын жамааты эмитеден эле эки жаат болуп бөлүнүп алган имиш.
Академик досунан ушундай кеп укту. Академик башы менен убарасына карабай Улуттук Академия турган жерден тердеп-кургап жөө келип, Фрунзе менен Панфилов көчөлөрүнүн кесилишиндеги кафеге чакырган эле, чай үстүндө жай кобурашып отурушканда өз оозунан кенен-чонон укту. Чоочугансып алыптыр. Сөз арасында генетикти сөгүмүш этип да койду. Философ чоочуган жок. Өзү да ошолордун биринен эмеспи, алеки заматта булуң-бурчтан биригип, генетикти колдоочулардын кыймылы пайда болгонуна бир эсе кубанды. “Мына сага!” – деди кубанган жаны ичинен. Бу кабарды чагылгандай таратып, кайран “А…” гезити бир ишке жараган экен!
Жабалактаган эл ырыскыдан куржалак калчудай жанталашып, биринин колунан бири жула талашып окуп жаткан экен, “А…” гезити алыс-жууктагы айыл-ападан бери тарап кетиптир. Жедеп сүзүлүп-тытылып, бөлөк-салак болуп колго таптакыр илинбей калганда ксерокөчүрмөдөн өткөрүп алып окугандын амалын таап алышыптыр. Алыскы Алай менен Ат-Башыдан чалып сурагандары деле: “Генетик! Генетик каякта?” дешип бирдемелери өтүп кеткендей догурунат имиш. Абыдан таасирленгендери жапатырмак уюшуп ушул аптада Академиянын короосуна түрө чогулмакка чамынып калышкан имиш. Бу биздин калаада анча-мынча киши чогулган сүрмө топ жыйындардын тапатамдан ээ-жаа бербей удургуп, Ак үйдү көздөй өчү бардай таш ала чуркап, тап бербесе көксөөсү канбаган адаты бар эмеспи, анын сыңарындай бу сапар да ошентип жүрүшпөсүн деп көзү алайган президент Академиянын чоң залын сунуш кылып иет.
– Талаптары эмне экен? – деп тактады философ.
– Эмне болмок эле, жанагы акылынан айныган генетикти таап берүүнү талап кылышмакта, – деп бакылдады академик досу.
– Таап берип, жолуктуруп койгула да, – деди философ.
– Таап берерин го таап беребиз. Ал маселе эмес. Генетиктин келжирек идеяларын токтоосуз ишке ашырууну талап кылышканы күйгүзүп жатпайбы!
Досунун бул сөзү философко жаккан жок.
Мен сөзсүз барам! – деди ойлуу. – Сөзсүз барам дагы сөз алып сүйлөйм! Ошентчи, досум! Тополоң чыгарып жиберишпесин. Көмөгүңдү аябачы. Эптеп ызы-чуусуз аякташына жардам этчи, – деп жалпактады академик.
Чоңдордун тапшырмасы менен келгени билинди.
– Баары каражат маселесине такалат, – деди философ ансайын ажыкыстанып.
– Апей, акы да төлөшүбүз керекпи? Же элге акча тараткангабы? – деди академик.
– Жо-ок. Мага кокон тыйын да кереги жок! Жанагы сен келжирек деп жээриген долбоорду сүрөгөнгө сурап жатам! – деди философ.
– Ой, сен да ошолор тарапта белең? Сен да жашооңду узартып, жер бетинде узагыраак жүрө тургандын камын жеп жатасыңбы?
Досу тарактап каткырып ийди.
– Балким, – деди философ жылмайып.
– Жашырбай айтчы, канча жашка ыраазы болор элең? – деди досу.
Мен кайра тирилип келишин кыялданган үч-төрт эле адам бар.
Ошолордун тирилип келгенин бир көрсөм, тирилип келишкенче өлбөй турсам эки дүйнө арманым болбос! – деди философ.
– Анан дагы жакын адамдарымды кантип кыяйын. Ошолордун да армансыз узак жашаганын каалар элем!
– Ачыгын айтчы, кимдер? – деп такыды академик.
– Топ жыйынга барганда угасың да аны, – деди философ.
– Ушу сен башынан фараон жайын көп айтасың! Жаңылбасам, бирөөсү – фараон эмеспи! – академик таап алгандай кудуңдады.
– Жыйын маалында угасың дебедимби! – деди философ.
Ким эле? Ушу сен Эх… Эхнатон жайын тажабай айтчу элең.
Академик кургур ансайын кычады. Анда философ безге сайгандай бир тийди:
– Ыймандай сырыңды жашырбай айтчы, досум? Эгер ошондой мүмкүнчүлүк чын эле буйруп калса, сен өзүң кимдердин тирилип келишин кааламаксың да, кимдердин тирилип келишин каалабас элең?
Десе, академик ойлонуп калды. Ошентип академикти ойго салды.
Философтун эмнени кыйытып жатканын билди. Академиктин “академик” наамын алышына өмүр бою каршы чыгып, өмүрү өткөнчө каршы чыгып жүрүп а дүйнө кеткен душманы боло турган. Ошону кыйытып жатканын түшүндү.
– Ээ, койчу ошол каапырды, – деди академик жактырбай колун жаңсап.
– Тирилтип апкелсең да жакшылыкты билчү неме эмес!
– Кокус тирилип келсе кайра кармашып калат белеңер?
– Ал жөнүндө ойлогум да келбейт, – деди академик.
– Сен өзүң дагы канча жыл жашаганды кааламаксың? Же “академик” наамым түбөлүктүү, ушуну менен бүттү, ошол атым эле жетиштүү деп жүрөсүңбү?
– Буюрганын көрөбүз, – деди академик.
– Өзүң кайсы тарабында элең? – деп такмазалады философ.
– Эл мененмин! – деди академик. – Биз эл мененбиз да!
– Ошентсең! – деди философ жылмайып.
Академияга барса топураган эл. Аарынын уюгундай ызылдашат. Ким гана жок арасында!? Аяк кийиминин апкытын майрыйта баскан малчылар, чачтары майланышкан таксисттер, керели-кечке күнгө какталып базар таптагандар, сөзгө тапан блогерлер, тааныш мугалимдер… Академиянын адамдары да кошо аралашып алган экен, аларың караламан элдин арасынан араң-араң айра таанылат. Карысы да жүрү, жашы да жүрү, аялы да жүрү, эркеги да жүрү түртүшүп. Академиябыз академияга окшобой эле, колоңсо тер жыттанып, түртүшмө базарга окшой түшүптүр. Сандалган бомждорго эмне бар десең эми, тирүү десе санда жок, өлүү десе көрдө жок немелердин атынан шайланып келгенсип алардан да жүрү бирин-экини шүмшүйүп. Кыскасы, оорусу да жүрү, соосу да жүрү. Эң кызыгы, ылгый эле кыргыз го десе, орусу да жүрү, дунганы да жүрү…
Көрсө ушунун баары узак жашагылары келет тура! Мынча илээшип жарыкчылыкка бир туулуп алган соң, акыр заман ажалы тооруганча тирүү тургулары келет тура!
Кайдан-жайдан кулактары чалганы белгисиз, оозуна ээ боло албаган кайсы аңкоосу буларга колтугун ачып, дүрбөтүп ийгени да белгисиз, бирден тилмеч жалдап, илээлете ээрчиткен бир топ кытайы да жетип келиптир, тобо. Алар каякка жанталашат десең, капырай. Же арабызда жансыз жүргөн немелерби? Андан-мындан кытайдын аралап басканын көргөндөр көздөрүндө огу болсо атып ийчүдөй үңүрөйө карап жатышты. “Тили бурууларды кайсы акмагыңар чакыргансыңар!?” – дегендей ызырынып алышты. Күбүр-шыбыр сөз чыкты.
– Кууш керек! Кууш керек! – деген үндөр угулду аңгыча.
– Бомжду го кууйсуң, тили бурууну канттиң? “Эй, эл-журт! Өжөрлөнүп кып-кыргызча какшанып туруп алалычы, кып-кыргызча какшанып туруп алсак эле тамам, тажагандарында тарап кетет өздөрү!” – деген акыл чыкты бирөөнөн. А тилмечтеричи? Тилмечтери бар турбайбы!? “Тилмечтерин тим кой!” – деп акылдуусунду экинчиси. Кантип тим коёсуң?
Мында оордугунан токтобой мурдунун учуна түшкөнсүгөн калың көз айнегин оңдонуп, утур түшсө утур оңдонуп, “эмне балээнин ичинен чыктым эле!” – дегенсип эки жагына элеңдей караган бекене бирөөнү ортого курчап, өзүнчө бөлүнгөн жоон топ киши туру. Академик досу жүрү арасында. Иш-чаранын бир жагын чоёт окшойт сыягы, обу-жок бакылдап алган. Өз ара кыжы-кужу түшүп, элден бөлөкчө кымгууттанган түрлөрүнө караганда уюштуруу ишин мойнуна алгандардан көрүнөт. Кызыл чеке түшө талашып-тартышып жатып, жыйынды болжошкон убактан жарым саат кечиктирип башташты. Кадыресе иш каадасы кылып, узундуу-кыскалуу болуп ээрчишкен аларың академикти алдыга салып кызыл чыт жабылган узун үстөлдү ээлегени бирден чубуруп президиумга чыгышканда күрү-күү түшүп, залга жык-жыйма толгон эл жарданып карап турду. Араң турушкан экен, айрымдары өмүрлөрү эмеле узарып кетчүдөй сүйүнгөндөн алакандары айрылганча кол чаап да жиберди. “Кимиси? Кимиси экен?” – деп моюндарын созгону андан көп.
– Жулунуп-түртүшкөндөрдү жөөлөп алдыга өткөн философ топураган журналисттер менен блогерлер беш-алты сыйралап ороп алган трибунанын так маңдайынан бош орун таап отурду. Элчилеп генетикти көргөнгө куштар жаны элден калышпай мойнун созду. Жука чачты артка сыйдам тараган, калың көз айнекчен, бою кодойгон жанагы кишиге тегерегиндегилер текши ийилип, төргө өткөрүшкөнүнөн, “айтпадым беле, ушунусу!” деп болжоду. Жаңылбаптыр. Так өзү экени да билинди.
Жыйын ачылды. Иш каадасы кылып дебедикпи, жыйынды баштаган киши – академиянын жанагы өкүлү – бүгүнкү чогулушту өлкөбүздүн турмушундагы эң эле орчундуу окуя, улутубуздун миң – миң жылдык карт тарыхындагы улуу жетишкендик атап, анын урматына оболу гимндин ойнолушун өтүндү эле анысы ойлоштурулуу экен, гимн жаңырды. Ошондон кийин окуя-нын даңазасын ашырмайдын машакатын тартты. Чаргытып ар нерсенин башын чолуп сүйлөдү. Бир туруп, адам аттуунун оозун ачырчу жаңы ачылышка академия эң башынан эле чамасынын жетишинче сүрөөнчү болгонун саймедиреп, бир туруп, бул ишке өзү кошо аралашып, ажалды адаштыргандардын биринен болгонсуп какшанып, он мүнөтчө эринбей жаагын жанды. Аны угуп отуруп философ жакасын кармана жаздап токтоду. Башын чайкап койду. Күн тартибин жарыяламайы он беш мүнөтчө убакытты чапчып баратты эле, айрымдардын сабыры түгөнүп, чарылдап жиберишти. “Сөздү чубалжытпай кыскартыңыз! Генетикке сөз берели! Генетикке! Сизди укканы келдик беле, биз генетикти укканы келгенбиз!” –деп туш-туштан жаалашты.
Сөз кезеги шашылыш генетикке берилди! Антпей эле көрчү болсоң мынабу эл чаң-тополоң салып, академикти көгала кылып койчо сабагандан кайра тартышчудай эмес.
Айтууда, бечара генетигибиз өмүр бою кенже илимий кызматкер наамын көтөргөн неме экен. Жумушуман өйдөлөйүн, башкаларчылап илимий даража күтөйүн деп деле жулунбаса керек. Бирок мынабу ишке башын сайып, отуз жылдык өмүрүн арнаптыр! Отуз жыл! Үй-бүлө күткөнбү-жокпу белгисиз, отуз жыл бою кенже илимий кызматкердин жарыбаган айлыгына кантип жанын багып күн көрдү, анысы деле белгисиз… Ал ордунан ашыкпай туруп, көз айнегин оңдоно трибунага баратканда, элден кагуу жегенине оңтойсузданып отурган алып баруучу:
– Бу киши аныгында генетика илимдеринин чилистени! – дей салды.
Академиянын жыйындар залын түп көтөргөн дүркүрөгөн кол чабууну мына ошондо көрүп ал. Кулак тунат. Коммунисттер жоголгондон бери мындайды көрө элек элек. Тура калып кол чапкан академик куп келтирип сүйлөгөнүнө, таап айтканына
маашырланды.
Генетик трибунага чыкты. Непадам өзү тапкан ыкмасына салып кайра тирилтип апкелсек, эмки жашоосунда бою-башынын кандай болору белгисиз, бирок азыр анын сокудай башы трибунадан сороюп араң эле көрүнүп турду. Микрофонду боюна чактап беришти эле мойну кекейип калды. Ал сүйлөгөнгө камданып жаткан чакта экрандагы жазуу менен сүрөт алмашты. Экрандын башында “клетка”, “ДНК” деген жа-
зуулар жайнап, кандайдыр-бир быжыраган шарттуу сүрөттөр пайда болду.
– Урматтуу эл-журтум! – деп баштады сөзүн генетик. – Урматтуу калайык калкым! Мен ушул мүнөттөр үчүн өтө бактылуумун жана ушул ирмемдерди өмүр бою күткөмүн. Кебим башынан болсун, агайын. Бул ишке башымды сайганымдын себеби: элиме эмне кызмат кылсам деген асыл мүдөө, канткенде улут алдындагы уулдук парызымды актасам деген дегдөөм бир да мүнөткө жанымды жай алдырган эмес! Бул жашоого келген соң элим үчүн бир чоң иш жасашым керек эле. Айтматовдой жазуучу болуу колумдан келбесе, Миңжылкиевдей ырчы боло албасам, Акаевдей боло албасам, колумдан ушул эле келет экен, ушул ишке кириштим…
Муну укканда эреркеген эл залды түп көтөрө кыйкырып, дүркүрөтүп кол чабышты.
– Акаевди айтпачы! Сен Акаевден эчак аштың! – деген үндөр угулду.
Ушул маалда экранда быжыраган майда сүрөттөр менен катар койдун, уйдун, төөнүн сүрөттөрү пайда болду. Генетик экран жакка бир кылчайып алды да эргип сөзүн улантты: – Туугандар, мен бул ишке өткөн кылымдын сексенинчи жылдары эле шымалана киришкем. Ал кезде Советтер Союзу тирүү. КГБ менен орустун көзөмөлү күчтүү. Бирок ошондо эле менин улутчулдук сезимим ойгонуп, генетика илимин кыргыз элинин кызыкчылыгына иштетүүнүн үстүндө ойлоно баштагам. Аңгычакты Советтер Союзу кыйрады. Бизди көзөмөлдөгөн да, каржылаган да күчтөрдүн изи сууду. Ошондогу каатчылыкты билесиңер. Мен кыйынчылыктарга моюн бербей ишимди уланта бердим. Токтотуп салуу оюма да келген эмес! Чынын айтышыбыз керек, советтик илим көп жагынан алганда Батыштан кыйла алдыда эле. Эгерде Советтер Союзу кулабай, колдоо болуп турганда дагы көп иштер жасалмак. Ошонун бири: “клоунинг” темасы! Биздин лабораториябыз мыкты деп эсептелчү. Ар кошкон улуттан күчтүү илимпоздор чогулган эле. Орусу да, немиси да, еврейи да бар эле. Биздин илимий топ жаныбарларды клоунинг кылуунун бир нече усулун сунуш кылып, иш жүзүнө ашырганы калганбыз. Маселен, койду, уйду, төөнү… Балким, жылкы тукумун…
Генетик ушундай маанилүү тажрыйбага катыштырууга жан-жаныбардын ичинен эмне себептен Чолпон-Ата тукуму, эмне себептен Чычаң-Ата тукуму, эмне себептен Ойсул-Ата тукуму тандап алынганынын жөн-жайын майдалап түшүндүрүп, Камбар-Ата тукумуна али кезек жете элек эле.
– Ээ, кокуй, макулукту аралаштырбай, Адам-Ата тукумунун жайын айтчы! – деп кыйкырды арданган бирөө.
– Чоң маселе үчүн чогулган жыйыныбыз кой менен уйду кеп кылчу жерби?
– Кыргыз-Ата тукумун десең! – деп короң этти ашынган улутчул бирөө.
Зал күүлдөй түштү. Сөзү бөлүнгөнгө генетик сүрдүгүп туруп калды. Мурдунун учуна түшкөн көз айнегин оңдогонго чамасы келген жок.
– Айтып жатпайымбы, – дегенге араң жарады.
– Эмнени айтып жатасың? Кой, уй, төө деп, жанатан бери дөөрүгөнсүп жан-жаныбарды санап жатасың го, – деп каптады дагы бири капталдан.
– Биз чынында адам жайын укканы келдик эле!
Ошону айтканы жатпайымбы, – деп актанды генетик ансайын.
– Өлгөн адамды кайра тирилтүү идеясына кантип келгенимди түшүндүргөнү жатпайымбы.
Жыйын жаңыдан кызыганы жатса, кимдир-бирөөлөр “клоунинг” деген сөздөн эле адашкан экен.
– Байкебай, “клоуниң” дегениңиз эмне? Бизге окшогон карапайым элге жөнөкөй тил менен түшүндүрүп бериңизчи, – деди алардын атынан бирөөсү.
Чырга айланып кетпегей эле деп чый-пыйы чыккан академиктин эки көзү алайды.
– Сабыр кылгыла, туугандар! – деди. – Сабыр кылгыла!
Анан генетикке кайрылып, күрсүлдөп коё берди:
– Сиз да сөздү көп чойбой, ток этер жерин айтсаңыз тезирээк!
Зал тынчтанды. Генетик эсин жыйып, сөзүн улады:
– Ошол жылдары клоуниң ыкмасын түз эле адамдарга карата колдонуу идеясы башыма келди.
Ал оң сөөмөйү менен өз башын көрсөтүп, чыкыйын укуду.
Дароо аны ишке ашыруунун үстүнөн алпуруша баштадым, деди андан-ары. – Кыйынчылыктарга моюн бербей иштедим, туугандар! Натыйжада, адамдын клеткасынан, ДНКсынан ошол адамдын кудум өзүндөй болгон түгөйүн жасап алса болоруна көзүм жетти! Бул ыкманы көзү өткөндөргө да колдонсо болорун далилдедим! Башкача айтканда өлгөн адамды өз клеткасынан, өз ДНКсынан кайра өстүрүп, кайра тирилтип алууга болот!
Өлбөй коюу дегениң, эки келбес делген жарыкчылыкка кайра тирилип келүү дегениң, чиркиндики-и, кимди болбосун эркине койбой толкуткан кандай жагымдуу, кандай таттуу кыял! Мында отургандар акыры түбү ар бирин тооруп бир ирет келчү өлүмдү эмеле адаштырып салышканын элестетип, бешенеге жазылган жазмыш болот имиш, ошол жазмышты жазмыш экенине карабай минтип жазгырып салуунун жолу табылган соң кайра тирилип жашап калышарын, колдон келсе бирден эмес, бир нече сыйрадан тирилип жашап калышарын кыялданып алышкан белем, аңырайып угуп, ооздору араандай ачылды. “Тиги дүйнө деген бар, тиги дүйнөнүн бейиши бар!” дегенге жан-дили менен ишенип, буга чейин түз эле бейишке түшүүнү дегдеп жүргөндөрдүн да ниети заматта бузулуп, айнып калышты белем. Дагы эле үмүтүн үзө электери арасында калган болсо генетик андайларды биротоло айнытты. Минтип айнытты:
– Башкача айтканда, урматтуу мекендештер, жаңы эле каза тапкан адамды кой, эбак аа дүйнө кеткен адамга да кайра жан киргизип, тирилтип алуу мүмкүн! ДНК деген болот, эң башкысы ДНКсы алынса болду. Сөөктүн кымындай эле кыпынынан кишинин тулкусун толук жасап, тирилтип салабыз!
Капырай-эй! Анысы кандай болот? Экран “жалп” этип өчүп, жарк этип күйдү. Жайнаган сүрөттөр пайда болду. Куураган баш сөөктүн, ошол баш сөөктүн жаак тушунан кертилген кыпынынан өнүп отуруп, өсүп отуруп, кишинин тулкусу кантип калыбына келери ийне-жибине дейре бадырайта тартылган сүрөттөр экрандын бетин бербей жайнады. Ар бир сүрөттүн ирээтин түшүндүрүп, генетик саймедиреп жатты.
– Эмнени элестетишти ким билет, чала көрүнгөндү даана көргүлөрү келгенсип айрымдары ордуларынан тура кала экранга тигилди. Эмнени элестетишти ким билет, “Астагфирулла! Астагфирулла!” – деген үндөр угулду арасынан.
Бейиштен сууруп апкелеби, же тозоктон сууруп апкелеби, иши кылса апкелишет экен. Иши кылса ойготушат экен. Бейиштен кайтчуларды билбейбиз, а бирок тозоктон кайтчуларга сооп эле болот окшобойбу! Кудуретиңен кагылайын Жараткан, минтип отурсак, эртеңки күнү чын дүйнөң кайсы, жалган дүйнөң кайсы, айырмасы билинбей калат окшобойбу! Мына ушундай иш экен!
– Андай болсо Манасты тирилтели! – деп кыйкырды тээ арт жакта, бурчтагы кыйшык орундукта кыпчылып отурган бирөө залды жаңыртып. – Арбагы бийик Манасты тирилтели!
Туура сунуш. Манасты ойготолу! – туш-туштан коштогон үндөр жаңырды. – Манас Атаны ойготолу!
Мындайда жарышка түшкөнсүп, озунуп сунуш айткандардын жайнап кетери турулуу эмеспи. Анан да кимиси озунуп айтса ошонусунун сунушу өтүп да кетет эмеспи. Айры калпагын баса кийип алдыңкы катарда үңкүйүп отурган бирөө элдин алды болуп айтканга үлгүрбөй калса мөөрөйдөн куржалак калчудан бетер ашыгып, мойнун созуп үн салды:
– Бөлөкбайды да тирилтели!
– Барс-бекти тирилтсекчи! Барс-бекти! – деп бакырды дагы бири.
Генетик “а” деп оозун ачканча, айры калпакчан киши бу ааламда бөлөгү менен түк иши жоктой кычады:
– Бөлөкбайды да тирилтели!
– Кайсы Бөлөкбайың!? – “Барсбек деп” бакырган киши жактырбай “барк” этти.
– Андан чоңдору турса!
– Ооба, чоңдору турса!
Төбөсү бийик калпагын шоңшойтуп трибунага чукул отурган бирөө ушинтип сүрөдү.
– Чоңдору? Атаны кокуйдуку-у, качандыр бир кездердеги чоң-кичине болуп бөлүнүп алмактын айыкпас илдет сыяктуу илээшип-жармашкан адаты эзели-эзели калбайт экен го, эски оорубузду карматып эмитен эле чоң-кичине деп бөлүнгөнү калдыкпы эми? Эми көзү өткөндөрдү да чоң-кичинесине жараша ылайыктап, ылгап-ылгап тирилткени калдыкпы? Чоңсунгандардыкы өттү ушу! Койгула эл бузарлыгыңарды! Жарабайт мунуңар!
Элдин тең жарымынын ою ушинтип бузулуп, күңкүлдөп калышты эле, кудай бетин салбасын, залдын ичи кудум куюн сымал удургуй түшкөнсүдү. Чыр чыкчудай көрүндү. Көзү алайган академик чукулунан аралашып, кеп учугун кайрадан генетикке алып бергенче ашыкты.
– Жолдоштор! Ирээти менен сүйлөйлү! Оболу урматтуу чилистенибиз сөзүн бүткөрсүн! Жыра талашып, ушинте бересиңерби? – деди да генетикке кайрылды. – Улантыңыз!
Зал тынчтана түштү. Генетиктин оозун карап калышты кайрадан.
– Туугандар! Биринчиден, улуу ишти баш-аламан баштаганыбыз жарабас. Улуттук комитет деп атайбызбы, комиссиясы деп атайбызбы, айтор, жооптуу уюмубуздун болмогу шарт! – деди генетик. – Анан анын иш планын, программасын түзүп алалы. Ал эми, Манас-Ата жайына келсек…
Мукактана түшкөн генетик желкесин саамга кашынып, жообун узатты: – Манас-Атанын сөөгү каякта экен? Дайыны белгилүү болсо тирилтип алсак дегенде менин деле эки көзүм төрт! Сөөгү табылса кана, атаганат! Күмбөзүн казып, көрүн ачышканда аял кишинин сөөгү чыкты деп жүрүшпөйбү. Ал эми, Барсбек бабабыз жайына келсек. Анын кабыры Какасиянын баланча жеринде жатат деген маалыматты эзели жолуктурган эмесмин. Же араңарда билгениңер барбы?
Жанатан бери атырылып аткандар унчукпай калды. “Бөлөкбайлаган” киши чукуранып тим болду. Бу сапар төбөсү бийик калпагын шоңшойто кийген жанагы киши мөөрөй тийчүдөй топ жарды:
– Армандуу кетишти эле! Чогуулап киришип, эсил кайран хан Садырды уулу менен чогуу тирилтип алалы!
Анысы ким эле? Эмне арманы бар эле? Айрымдары айран таң. Ооба, кайран Ак уул, Куу уул балдары эки кылым оодарылганча ушунчалык азган экен, эстей алышпай айран таң. Генетик жообун бергенче капталдан бирөө айкырык салды:
– Капырай, кайсы Садырыңды айтаcың?
– Кайсы Садыр экенин тирилип келгенинде көрөсүң! – деди төбөсү бийик калпакчан киши кабагын түйүп.
Анысы жалгыз келбей, жоон топ жандоочтору менен келген көрүнөт. Арасынан бирөө чарылдап коё берди:
– Уулун айта бер! Он алты жашында кадимки Аблайга айбат көрсөткөн!
Академик кайрадан аралашты:
– Жолдоштор! Ирээти менен дебедимби! Каякка шашыласыңар?
Баарыңарга сөз кезеги жетет. Оболу урматтуу окумуштуубузду сыйлап, сөзүн соңуна чыгарууга мүмкүнчүлүк бербейлиби!
Карапайымырак башка жайда болсо биринин кебин бири укпай ызылдап, аягы дагы кандай болуп кетмек ким билет, академиянын залы дегениң академиянын залы да, ошо академиянын төбөсү бийик заңгыраган залында чалкалап кенен отуруунун бактысы буйруганына маашырланган эл кесир-кусур кылбай, кудай жалгап тынчтанып берди. Академик жанатадагы күн тартибин өктөө кайталап эске салды:
– Ошон үчүн айтпадымбы! Жарыша сүйлөп, сөз талашканыбыз жарабас. Жактап сүйлөчүңөр болобу, же башкаңар болобу, аты-жөнүңөрдү алакандай кагазга жазып, мында атайы дайындалган балдарга карматсаңар! Мен тизмелеп алайын да кезеги менен сөз берейин. Баарыңарга кезек жетет!
Ыгына дароо көнгөндөрдүн айрымдары андан-мындан үн салды:
– Туура! Туура айтасыз, аксакал!
Көз айнегин өйдө тарткандан тажабаган генетик тамагын жасап алып, үзүлгөн кебин үзүлгөн жеринен жалгады:
– Урматтуу туугандар, уксаңар! Улутубуздун бу жарыкчылыктан бизге чейин жашап өткөн уулдарын сыйлап, тирилтип алуу маселесин көтөрүп жатасыздар. Эң туура маселени көтөрүп жатасыздар. Бу аракетиңерди мен силердин улут жандуулугуңар деп түшүнөм жана ушу демилгени укканыма кубанганымдан териме батпай турам! Туугандар, бул ишке киришүү үчүн ириде бир маселени тактап, чечип алуубуз абзел. “Улуттук комиссия” деген жумушчу топту уюштуралы дебедимби, ошол комиссия улутубуздун уул-кыздарынын сөөгү жаткан жерлерди кылдат тактап, картага түшүрүп, каталогун түзүшү зарыл!
Эч бир жандын оюна келбеген, адам таң каларлык дагы бир жарыянын айтылганын абдан жактырды белем, жалдыраган көпчүлүк шатырата кол чаап ийди. Антпегендечи! Кана айткылачы, көрүнгөн кокту-колотто, какыраган куу жондо тунжурап жаткан
бейиттердин эсебин алып, мээнеттенип картага түшүрүп, эринбей каталогун түзүү кимибиздин оюбузга келди эле? Кайсы көсөмүң кыйратты эле? Картага түшүрүп, каталогун түзгөндү мындай кой, кечээ эле жаңы коюлган мүрзөлөрүбүздү калың кара шыбак басып каралбай жатпайбы! Караганды кой, уучтап топурак салган бойдон экинчи кайрылып басып барбаганыбыз канча?
Арслан КОЙЧИЕВ
(Уландысы бар)
Жакында эле «Кыргыз Туусу» гезитинде жарыяланган кыргыз эл жазуучусу Арслан Койчуевдин калеминен жаралган «Генетиктин маеги элди дүрбөттү” деген жаңы романынын үзүндүсүн окуп калдым. Өзүм Улуттук илимдер академиясында иштегендиктен, чыгармада адеп эле академияда болуп жаткан окуя жөнүндө сөз болуп жаткандыгына кызыгып окуп калдым. Кызыгы, автордун өзү да илимпоз экендигиненби, айтор анда өткөрүлгөн жыйындардын жүрүшү менен жакшы тааныш болгондуктан, абдан ишенимдүү сүрөттөлүптүр. Болгону, жыйынга окумуштуулар эле эмес, коомчулуктун бардык өкүлдөрү, жумушчусу, бомжу, ар кайсы улуттагыгысы да катышып, генетиктин жаңылыгына кызыкдарлар же түбөлүктүү жашоого умтулгандардын баары чогулушканы, бирок анда тартипке чакырганда дагы деле академиянын сакталып келе жаткан сүрүнөн элдин жазганып, тынчый түшкөндүгүн жазганы жагымдуу болду.
Албетте, мендей эле окурмандар да окуянын андан ары кандай өңүттө уланышын күтсө керек. Андыктан, гезит бетинде бул чыгарманы сандан-санга берип турса, адабиятка кызыккан окурмандардын да саны артмак деген ойдомун. Учурда, айрым гезит беттеринде жеңил-желпи чыгармаларды деле чыгарып жатышат, ал эми Арслан Койчуевдей белгилүү жазуучулардын чыгармалары жарыяланып турса, окурмандардын да адабий табитин тарбиялоого көмөк бермек, деген ойдобуз.
“Кыргыз Туусу” гезитинин жамаатына ийгилик каалап,
КР Улуттук илимдер академиясынын Б.Жамгерчинов атындагы Тарых, археология жана этнология институтунун илимий кызматкери А.Кубатова.