Бишкекте ири курулуш жана инвестициялык долбоорлордун жүрүү этаптары тааныштырылды

Бишкек шаарында ишкерликке, турак жайга жана энергетикалык инфраструктурага багытталган бир катар ири курулуш долбоорлорунун ишке ашырылышы жүрүп жатат. Алар борбор калаанын экономикалык потенциалын кеңейтүүгө, заманбап бизнес чөйрөнү түзүүгө жана энергетикалык коопсуздукту чыңдоого багытталган.

Н. Исанов көчөсү менен Чүй проспектисинин кесилишинде жайгашкан заманбап кеңсе борбору реконструкциядан өткөрүлүп, инновациялык чечимдер менен жабдылды. Объект заманбап бизнес талаптарына жооп берип, шаардагы ишкердик активдүүлүктү арттырууга шарт түзөт.

Мындан тышкары, Бишкек шаарындагы “Бишкексельмаш” отканасын реконструкциялоонун биринчи этабы аяктады. Жаңыланган жабдуулар жылуулуктун натыйжалуулугун жогорулатып, объекттин кыш мезгилинде туруктуу иштешин камсыздайт. Борбор калаадагы отканаларды жаңылоо энергетикалык инфраструктураны бекемдөөнүн маанилүү багыты катары каралууда.

Ошондой эле шаар аймагында вьетнамдык “Rox Group” компаниясы ишке ашырып жаткан “Royal Central Park” ири инвестициялык долбоорунун курулушу активдүү уланууда. Долбоор турак жай жана көп функционалдуу заманбап комплекс катары пландалып, шаар инфраструктурасын жана архитектуралык көрүнүшүн жаңылоого багытталган.

Жалпысынан, Бишкекте жүрүп жаткан бул курулуштар жана инвестициялык долбоорлор шаарды комплекстүү өнүктүрүүгө, бизнес үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө жана тургундардын жашоо сапатын жакшыртууга багытталган.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз