Садыр Жапаров Ноокат эли менен жолугушту

0
5980

Бүгүн Садыр Жапаров иш сапарынын алкагында Ноокат районунун тургундары жана жергиликтүү активи менен жолугушту.

Жолугушууда мамлекет башчысы заманбап жолдор, сапаттуу билим берүү, жеткиликтүү медицина жана өнүккөн инфраструктура элдин жашоо деңгээлин жогорулатуунун негизги факторлору экенин белгиледи.

Президенттин айтымында, акыркы 5 жыл ичинде Ноокат районунда 123 чакырым жолго асфальт төшөлгөн. Мындан тышкары, жакынкы мезгилде дагы 91 чакырым жол оңдолуп, анын 39 чакырымы толугу менен бүткөрүлөт.

2026-жылы райондо бир катар социалдык объектилердин курулушу пландалууда. Алардын катарына спорт комплекси, спорт зал жана көркөм өнөр мектеп-интернаты кирет.

Саламаттык сактоо тармагында да маанилүү иштер жүргүзүлүп жатканы белгиленди. Президент дарыгерлердин эмгек акысын жогорулатуу жана кадр тартыштыгын жоюу боюнча чаралар көрүлүп жатканын айтты. Учурда Көк-Жар айылында 100 орундуу, ал эми Жаңы-Базар айылында 40 орундуу ооруканалар курулууда.

Билим берүү тармагында 2743 мугалим ноутбук менен камсыздалганы маалымдалды. Ошондой эле республикалык бюджеттин эсебинен 4 мектеп жана 1 бала бакчанын курулушу жүрүп жатат.

Мындан тышкары, ирригациялык инфраструктураны өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатат. Сугат жерлердин аянты 16 миң гектарды түзөт. Бул багытта Каримберди каналын куруу, Абшир-Сай БДРин салуу жана Федоров каналын реабилитациялоо сыяктуу долбоорлор ишке ашырылууда.

Жолугушуунун жүрүшүндө жергиликтүү тургундар өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, сунуштарын айтышты.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз