Адылбек Касымалиев Эл аралык валюта фонду жана Дүйнөлүк банк өткөрүп жаткан жазгы жыйындардын алкагында SpaceX компаниясынын Starlink долбоору боюнча улук директор Райан Гуднайт менен жолугушту.
Жолугушууда тараптар Кыргызстанда спутниктик интернетти ишке киргизүү боюнча жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгын талкуулашып, пилоттук долбоор үчүн бардык зарыл уруксаттарды алуу процесси аяктаганын белгилешти.
Адылбек Касымалиев өткөн жылдагы сүйлөшүүлөрдө кызматты пилоттук негизде ишке киргизүү боюнча стратегиялык милдет коюлганын эске салып, ушул убакыт аралыгында мамлекеттик органдар тарабынан тиешелүү ченемдик-укуктук база иштелип чыкканын билдирди. Өз кезегинде Starlink компаниясы бардык талаптарды аткарып, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен келишимдерге кол койгон.
Тараптар сервисти жакынкы мезгилде техникалык жактан ишке киргизүүгө өзгөчө көңүл бурушту. Долбоор ишке ашса:
- алыскы жана жетүүгө кыйын аймактар жогорку ылдамдыктагы интернет менен камсыздалат;
- мектептер, медициналык мекемелер жана башка социалдык объекттер санариптик ресурстарга туташат.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташууну мындан ары да улантууга жана долбоорду ийгиликтүү ишке киргизүүгө даяр экенин билдиришти. Белгилей кетсек, пилоттук долбоор ачыктык жана тең шарттар принциптеринин негизинде ишке ашырылат. Спутниктик интернет кызматын көрсөткөн бардык компаниялар белгиленген талаптарга жооп берген шартта катыша алышат.
