Бириккен Улуттар Уюму Суданда үч жылдан бери уланып жаткан жарандык согушту “кароосуз калган кризис” деп атады.
Уюмдун маалыматына ылайык, кагылышуулардан улам 40 миңден ашуун адам каза болуп, болжол менен 14 миллион киши үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болгон. Судандагы БУУнун туруктуу өкүлү Дениз Браун өлкөдөгү кырдаал айрыкча аялдар жана кыздар үчүн оор болуп жатканын белгилеп, бул абалды “чексиз азаптын айлануусу” деп мүнөздөдү.
Учурда Суданда бийлик үчүн армия менен “Ыкчам аракет күчтөрү” деп аталган аскерлештирилген топтун ортосунда күрөш жүрүп жатат. Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын маалыматына ылайык, 21 миллиондон ашуун адам курч ачарчылыкка туш болууда. Уюмдун өкүлү Карл Скау бул кырдаалды дүйнөдөгү эң ири гуманитардык кризистердин бири катары баалады.
Ошондой эле гуманитардык жардам жеткирүүдө кыйынчылыктар жаралууда — кызматкерлерге, жүк ташуучу унааларга жана кампаларга кол салуулар катталууда.
БУУ эскерткендей, Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын курчушу Судандагы кризисти дагы да тереңдетиши мүмкүн. Айрыкча Кызыл деңиз аркылуу жүктөрдү ташууда тоскоолдуктар жаралып, азык-түлүк, күйүүчү май жана жер семирткичтердин баасы өсүүдө. Эл аралык уюмдар дүйнөлүк коомчулукту Судандагы кырдаалга көбүрөөк көңүл бурууга чакырууда.
