Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 15-апрелде Ош облусунун Ноокат районунун тургундары жана активи менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушууда калк тарабынан таза ичүүчү суу, жол инфраструктурасы, мектеп жана бала бакча куруу, жер тилкелерин каттоо жана мүлктүк талаштарды чечүү маселелери көтөрүлдү.
Ошондой эле жарандардын укуктарын коргоо, соттук процесстер, укук коргоо органдарынын иши, социалдык колдоо жана турак жай менен камсыздоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Диалог учурунда билим берүү системасын өнүктүрүү, мугалимдерди колдоо, маданий демилгелерди ишке ашыруу, ошондой эле калктуу конуштарды көрктөндүрүү жана мамлекеттик кызматтардын сапатын жакшыртуу маселелери да талкууланды.
Президент бардык айтылган суроолор системалуу чечүүнү талап кыларын белгилеп, 10-майдан тарта бардык айыл өкмөттөрүндө эл менен жолугушуулар өтөрүн билдирди. Бул иш-чараларга жергиликтүү бийлик, укук коргоо жана сот органдарынын жетекчилери да катышат.
Жыйынтыгында Мамлекет башчысы тиешелүү органдарга көтөрүлгөн маселелерди ыкчам иштеп чыгуу жана жарандардын укуктарын коргоону күчөтүү боюнча тапшырма берди.