Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы, элчи Фолькер Фробат менен жолугушуп, аны дайындалышы менен куттуктап, ийгиликтерди каалады.
Байсалов Кыргыз Республикасынын ЕККУну коопсуздук жана кызматташтык маселелеринде маанилүү аянтча катары караарын белгилеп, өлкөнүн демократиялык принциптерге, мыйзам үстөмдүгүнө жана адам укуктарын коргоого берилгендигин ырастады.
Тараптар коррупцияга жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү, мамлекеттик башкарууну санариптештирүү, сот жана укук коргоо системаларын реформалоо сыяктуу артыкчылыктуу багыттарды талкуулашты. Жолугушуунун жыйынтыгында ЕККУнун Бишкектеги Академиясын өнүктүрүү, анын институционалдык түзүлүшүн жана салыктык аспектилерин жөнгө салуу маселелери да каралды. Кыргыз Республикасы менен ЕККУнун ортосундагы конструктивдүү кызматташтыкты мындан ары чыңдоого өз ара даярдык ырасталды.

