Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Ысык-Көл районундагы «Тамчы» атайын финансылык-инвестициялык аймагынын (АФИА) курулушуна капсула салуу аземине катышты. Ал өз сөзүндө долбоордун өлкөнүн экономикалык келечеги үчүн стратегикалык мааниге ээ экенин белгилеп, түзүлүп жаткан аймак эл аралык финансы борбору, глобалдык капиталды, финтех жана IT-инновацияларды тартуу борбору, ошондой эле эл аралык соода жана логистикалык хаб катары иштеши керектигин баса айтты.
«Тамчы» АФИАсы 2035-жылга чейин жалпы аянты 470 миң чарчы метрден ашык заманбап кеңсе борборлорун, турак жай комплекстерин жана туристтик объектилерди этап-этабы менен курууну көздөйт. Аймак бизнес, логистика (аэропортко жакын) жана рекреациялык зонага бөлүнөт. Резиденттер 49 жылга чейин салыктан бошотулуп, капиталдын эркин жүгүртүлүшү, ийкемдүү валюта режими жана 100% чет элдик катышуу укугу менен иш жүргүзө алышат. Ошондой эле талаш-тартыштарды чечүү үчүн англис укугу боюнча көз карандысыз эл аралык борбор түзүлөт.
100 гектардан ашык аянтта жыл сайын 90 миңге чейин туристтерди кабыл алууга багытталган масштабдуу инфраструктура курулат. Министрлер Кабинетинин башчысы өлкөнүн макроэкономикалык ийгиликтерине токтолуп, долбоор 2025-жылы ИДПнын 11,1% өсүшү жана акыркы төрт жылдагы орточо 10,2% реалдуу өсүшү фонунда ишке киргизилип жатканын белгиледи. Адылбек Касымалиев инвесторлорду биргеликте жаңы жумуш орундары, технологиялар жана өсүш үчүн аракет кылууга чакырды.


