Өлкөбүздө акыркы жылдары айыл чарба тармагында жаңы инновацияларды жайылтуу, өндүрүштү натыйжалуу уюштуруу жана дыйкандардын мыкты тажрыйбаларын бөлүшүү маселелери күндүн негизги темаларына айланды. Бул багыттагы негизги аянтчалардын бири «Агродиалог–2026» агроөнөр жай форуму болуп калды. Форумду Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги уюштуруп, К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде өткөрүлүүдө. Ал 18–20-февраль күндөрү активдүү иш алып барып, 21-февралда Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында салтанаттуу жыйынтыкталат. Жаз алдында уюштурулган бул иш-чара дыйкан жана фермерлер үчүн абдан пайдалуу жана натыйжалуу болоору анык.
Заманбап айыл чарбасы
Акыркы он жылдыкта дүйнөлүк айыл чарба тармагында олуттуу технологиялык өзгөрүүлөр катталып, өндүрүштүн натыйжалуулугу жана азык-түлүк коопсуздугу жаңы деңгээлге чыкты. Климаттын өзгөрүшү, калктын өсүшү жана глобалдык рыноктун талаптары дыйкандарды заманбап ыкмаларды колдонууга түрттү десек болот.
Тамчылатып сугаруу жана суу ресурстарын үнөмдөө
Тамчылатып сугаруу – акыркы жылдары айыл чарбасындагы эң популярдуу технологиялардын бири. Андан алынган статистика көрсөткөндөй, суу керектөөсүн 30-70%га чейин азайтуу менен түшүмдүүлүктү 20-50%га жогорулатууга болот.
Израил, АКШ жана Кытайда тамчылатып сугаруу системалары жүз миңдеген гектар аянтка орнотулуп, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн кыйла жогорулатты.
Кыргызстандын дыйкандары да акыркы жылдарда карагат, жашылча жана мөмө бактарында ушул ыкманы колдонуп, гектардык түшүмдү 2-3 эсеге чейин
көбөйтүштү. Бул ыкма климаттын өз-гөрүшү шартында, өзгөчө суу тартыштыгы бар аймактарда маанилүү экени байкалат.
Смарт-фермердик системалар
Санариптештирүүгө ылайык, айыл чарба багытында алдыңкы технологиялар колдонула баштады. Өнүккөн өлкөлөрдө кеңири колдонулган бул технологиялар Кыргызстандын аймагында дагы жайылтылууда.
Дрондор жана спутниктик мониторинги: топурактын нымдуулугун, өсүмдүктүн абалын жана зыянкечтердин жайылышын көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет.
Смарт-сенсорлору: топурактын температурасын, нымдуулук жана урук себүүгө даярдык деңгээлин өлчөп, дыйканга реалдуу убакытты тактап берет.
Big Data жана AI анализ: түшүмдүүлүктү болжолдоо, сапаттуу көчөт жана жер семирткичтерди колдонууну пландоого жардам берет.
Бул технологиялар дыйкандарга чыгымдарды азайтып, ресурстарды үнөмдөөгө жана түшүмдүүлүктү максималдаштырууга канчалык шарт түзөрүн адистер такташууда. Тагыраак айтканда, “дыйканчылыктан” чыгып, илимде алдын ала далилденген айыл чарба тармагын түзүүгө багыт берет.
Дары-дармектер жана биотехнологиялык чечимдер
Айыл чарбасында түшүм алуунун душманы бул – ар кандай зыяндуу заттар жана өсүмдүктөрдүн илдеттери. Зыянкечтерге каршы күрөшүү жана өсүмдүктү оорулардан сактоо багытында биотехнологиялык ыкмалар кеңири жайылууга өттү.
Органикалык жана биологиялык препараттар: химиялык ар кандай жер семирткичтерден алыс болуп, экологиялык таза өндүрүштү камсыз
кылат.
Генетикалык жактан модификация-ланган жана ооруларга чыдамдуу сорттор: алдын ала климатка, топурак жана ошол жердин аба-ырайына ылайык даярдалып, түшүмдүүлүктү жогорулатуу, климатка туруштук берүү мүмкүнчүлүгүн берет.
Интеграцияланган өсүмдүктү коргоо системалары (IPM): химиялык, биологиялык жана механикалык ыкмаларды айкалыштырып, зыянкечтерге каршы оптималдуу чечим сунуштайт.
Дүйнөлүк практика көрсөткөндөй, органикалык жана биологиялык ыкмаларды колдонуу өндүрүштүн узак мөөнөттөгү туруктуулугун камсыз
кылат.
Автоматташтыруу жана робот техникасы
Дүйнөлүк тажрыйбада айыл чарба роботтору – азыркы учурда түшүмдү жыйноо, багбанчылык жана мал чарбачылык иштерин жеңилдетип жатат. Биздин өлкөдө роботтор азырынча ишке кире элек болгону менен, башка өнүккөн Европа жана Жапонияда жумушчу күчүнүн тартыштыгына байланыштуу роботтор өркүндөдү. Алардын пайдасында автоматташтырылган дары чачуучу жана сугаруучу системалар чыгымдарды азайтып, адам факторун төмөндөтүүдө.
Бул технологиялар, өзгөчө чоң аянттардагы чарбалар үчүн экономикалык эффективдүүлүктү жогорулатууда. Бирок биз үчүн да чоң аянттарды иштеткен дыйкан чарбаларына акыркы жылдары ушундай роботтоштуруу системаларын киргизүү түйшүгү жаралууда. Себеби, жумушчу күчтүн жетишсиздиги, аларга төлөөчү акылардын көбөйүүсү дыйкандардын кирешесин азайтууга алып келүүдө.
Келечек тенденциялар
Адистердин пикиринде, айыл чарба багытында келечекте төмөнкүлөр өнүгүүгө барышы керек:
Суу ресурстарын натыйжалуу пайдалануу – глобалдык климаттык кыр-даалга ылайык, тамчылатып жана автоматташтырылган сугаруу системалары кеңири жайылат.
Санариптик трансформация – фермерлер дрондор, AI жана сенсорлор аркылуу өндүрүштү пландоо менен башкаруу оптималдашат.
Экологиялык таза продукция – органикалык жана биологиялык ыкмалар көбүрөөк колдонулуп, кардарлардын суроо-талаптарына жооп берет.
Глобалдык интеграция – фермерлер эл аралык стандарттарга ылайык
заманбап технологияларды жана үрөн-дөрдү колдонушат. Демек, жыл сайын жаңы инновациялык өзгөрүүлөргө дуушар болуп жаткан айыл чарбасын дагы, дыйкандарга окутуу, үйрөтүү зарылчылыктары келип жатат. Ушул максатта уюштурулган «Агродиалог–2026» сыяктуу форумдар дыйкандарга жаңы технологияларды таанып-билүүгө, тажрыйба алмашууга жана өндүрүштү глобалдык деңгээлге чыгарууга шарт түзөт.
Тажрыйба бөлүшүү
Өлкөбүздө жогоруда айтылган айыл чарбасындагы жаңы технологияларды, замандын талабына жараша өнүгүүлөрдү өздөштүрүп, өзүнүн тармагында мыкты аталган дыйкан-фермерлер бир топ. Алардын арасынан түшүмдүүлүк боюнча мыкты аталгандарга форумдун “чемпиону” деген наам берилди.
«Агродиалог–2025» иш-чарасынын чемпиону аталган Руслан Миңбаев карагат багында жетишкен ийгиликтери тууралуу катышуучуларга айтып берди. Анын багбанчылык долбоору 2012-жылы башталса, 2016-жылдан тарта карагат өстүрүүгө киришет.
Башында эски арык менен сугаруу ыкманы колдонсо, азыр заманбап тамчылатып сугаруу системасы колдонуп, түшүмдүүлүктү 2 гектарынан 28 тоннага чейин жогорулаткан. Миңбаевдин айтымында, ийгилик бир эле эмгекте эмес, туура агротехнологиялык, ар тараптуу үзгүлтүксүз билим алууда жатат. Ал Кытайга барып 10 күндүк семинарда смарт-технологиялар жана зыянкечтерге каршы эффективдүү ыкмалар боюнча билим алып келип, анын натыйжалуулугун өз тажрыйбасында колдонгон. Ошол өзү колдонуп жаткан жаңы агротехнология-лар боюнча форумга келгендерге айтып берип, тажрыйбасы менен бөлүштү.
Форумга Япониядан алынып келген ашкабактын үрөнүн колдонуп жогорку көрсөткүчкө жетишкен дыйкан да келген. Жаш агроном Айтын Шабданов Чүй облусунун Сокулук районунда ашкабак жана айсберг деп аталган капуста түрүн өстүрүп, өзүнүн тажрыйбасында колдонгон жаңы инновацияларды башкаларга бөлүштү.
Бир сөз менен айтканда, «Агродиалог – 2026» форуму инновацияларды жайыл-
тууда жана айыл чарба тажрыйбасын өркүндөтүүдө маанилүү аянтча экенин дагы бир жолу көрсөттү. Катышуучулардын пикиринде, мындай форумдар дыйкандардын өндүрүш маданиятын жаңы деңгээлге көтөрүүгө, айыл чарбаны заманбап ыкмалар менен өнүктүрүүгө жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө өбөлгө түзөт.
Гүлмайрам РАХМАНБЕРДИЕВА,
“Кыргыз Туусу”


