АКШ президенти Дональд Трамп Украинадагы согуштун токтобой жатканына байланыштуу Россияга карата санкцияларды дагы бир жылга узартканын федералдык реестр аркылуу жарыялады.
Жарлыкта бул чектөөлөр Украинадагы кырдаалга байланыштуу өлкөдөгү чукул кырдаалды эске алуу менен кабыл алынганы айтылган. Документте бул кырдаал АКШнын тышкы саясатына таасир берүүчү жана Вашингтондо чукул кооптуулук жаратуучу фактор катары көрсөтүлгөн.

