Ош шаарында жүрүп жаткан бардык курулуш объектилери этап-этабы менен мамлекеттин көзөмөлүнө өтүп, толук аягына чыгарылат. Бул тууралуу Нурдан Орунтаев 17-мартта Ош шаарында өткөн ишкерлер менен жолугушууда билдирди.
Министрдин айтымында, бул чечим Садыр Жапаров тарабынан берилген атайын тапшырманын негизинде кабыл алынган. Ага ылайык, учурда курулушу жүрүп, бирок толук бүтпөй калган бардык объектилер Курулуш министрлигинин карамагына өткөрүлөт.
“Биринчи этапта бүтпөй калган объектилерди министрлик өз көзөмөлүнө алып, курулуш иштерин аягына чыгарат. Документтери толукталып, каржы каражаттарынын максаттуу пайдаланылышы камсыздалат. Экинчи этапта толук бүткөн тогуз объект боюнча атайын комиссия түзүлүп, тиешелүү иштер бүткөрүлгөндөн кийин каржылоо маселеси чечилет”, — деди Орунтаев.
Ошондой эле ал шаарда 30га жакын курулуш объектиси тийиштүү документтерсиз жана келишимдерсиз жүргүзүлүп жатканын белгиледи. Бул объектилердин баары текшерилип, мыйзамдаштыруу иштери жүргүзүлөт.
Министр курулуштар толугу менен аяктай турганын белгилеп, мындан тышкары жаңы долбоорлорду баштоо да пландалып жатканын кошумчалады. Каржылоо республикалык бюджеттен жана стабилдештирүү фондунан бөлүнөт.
Белгилей кетсек, буга чейин Ош шаарындагы курулуш компанияларына болгон карыз маселеси коомчулукта талкуу жараткан. Айрым маалыматтарда карыз 12 млрд сомго жеткени айтылган. Бирок мурдагы мэр Жеңишбек Токторбаев бул маалыматты четке кагып, жалпы карыз 2 млрд 200 млн сомдун айланасында экенин билдирген.
Кадрдык өзгөрүүлөр да орун алган: Жеңишбек Токторбаев кызматтан алынып, анын ордуна Жанарбек Акаев жаңы мэр болуп дайындалган.
Жаңы бийликтин алдында турган негизги милдет — башталган курулуштарды сапаттуу аяктап, шаар тургундары үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү.

