whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
13.06.2025
16.8 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыТергөө комитети Брянск жана Курсктагы кырсыктарды террордук акт катары баалады

Тергөө комитети Брянск жана Курсктагы кырсыктарды террордук акт катары баалады

Орусиянын Тергөө комитети Брянск жана Курск облустарындагы акыркы кырсыктарды «теракт» катары мүнөздөп жатат. Бул тууралуу комитеттин расмий өкүлү Светлана Петренко 1-июнда билдиргенин бир катар маалымат каражаттары, анын ичинде РИА Новости жазды.

Маалыматка ылайык, 31-майда кечинде Брянск шаарында Москваны көздөй бараткан жүргүнчү ташуучу поездге унаа өтүүчү жолдогу көпүрө кулап түшкөн. Орусиянын расмий маалыматына ылайык, кырсыктын кесепетинен жети адам каза болуп, 70тен ашуун адам жараат алды. Жараат алгандардын ичинен 45ке жакыны ооруканага жаткырылып, үчөөнүн абалы оор экени айтылууда.

«Москва темир жолдору» компаниясы кырсыкка «мыйзамсыз тышкы кийлигишүү» себеп болгонун билдирди. Компания көпүрөнүн тирөөчтөрү бузулуп, поезд өтүп жаткан учурда кулап түшкөнүн белгиледи. Бирок бул кийлигишүү эмне экенин так көрсөтүшкөн жок. BBC бул өңдүү түшүндүрмө мурда темир жолдогу жардыруу учурларында колдонулуп келгенин эске салды.

Ошондой эле 1-июнга караган түнү Курск облусунда товар ташуучу поезд өткөн учурда дагы бир темир жол көпүрөсү кулап түшкөн. Облустук жетекчиликтин маалыматына ылайык, үч адам жараат алган. Курстагы кырсыкта поезддин бир бөлүгү көпүрөнүн алдындагы жолго кулап, тепловоз өрттөнгөн. Жаракат алган машинист жана эки жардамчысы ооруканага жеткирилген.

Мындан сырткары, жекшемби күнү эртең менен дагы бир темир жол жарылуусу катталганы тууралуу маалыматтар тарады.

Украинанын Коргоо министрлигине караштуу Башкы чалгын башкармалыгы Запорожье облусунда аннексияланган Крым тарапка багытталган, аскердик жүк ташып бараткан поезд жардырылганын билдирди. Бул маалыматты Орусиянын расмий органдары азырынча тастыкташа элек.

Согуш жүрүп жаткан шартта мындай маалыматтарды көз карандысыз булактар аркылуу текшерүү мүмкүн эместиги эскертилип келет.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар