Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыПольшадагы президенттик шайлоодо оппозициянын талапкери алдыда келе жатат

Польшадагы президенттик шайлоодо оппозициянын талапкери алдыда келе жатат

Польшада өткөн президенттик шайлоонун экинчи турунда оппозициядагы “Укук жана адилеттүүлүк” партиясынын талапкери Кароль Навроцкий 51% добуш менен алдыда барат. Бул тууралуу Мамлекеттик шайлоо комиссиясынын 99,55% бюллетендери иштелип чыккандан кийинки маалыматка таянып, Польша телеберүүсү билдиргенин РИА Новости жазды.

Анын негизги атаандашы — «Жарандык коалициянын» талапкери Рафал Тшасковский 49% добуш алды.

Кечээ кечинде өткөн шайлоонун экинчи турунда добуш берүү аяктагандан кийин жүргүзүлгөн exit poll сурамжылоосу Тшасковскийди 50,3% менен алдыда деп көрсөткөн. Бирок кийинчерээк жарыяланган late poll жыйынтыгында Навроцкий 50,7% менен алдыга чыкканы маалым болду.

Расмий жыйынтык 100% бюллетендер эсептелгенден кийин — дүйшөмбү кечинде же шейшемби күнү жарыяланат.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар