30-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басарлыгына депутат Жылдыз Садырбаева шайланды.
Маалыматка ылайык, анын талапкерлигин Жогорку Кеңештин “Ата Журт Кыргызстан” фракциясы сунуштаган. Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында 76 депутат Жылдыз Садырбаеванын талапкерлигин колдоду.
Жылдыз Садырбаева 1987-1993-жылдары Иван Петрович атындагы Санкт-Петербург медициналык институнун “Дарылоо иши” факультетинде окуган. 1993-1995-жылдары Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын клиникалык ординатурасын өткөн.
1997-жылы “Жылдыз-Фарм” компаниясын негиздеген. 2003 -2021-жылдары “Эляй” жоопкерчилиги чектелген коомунун директору болуп иштеген. 2021-жылы Жогорку Кеңештин VII чакырылышына “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынан депутат болуп шайланган.
Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Жамиля Исаева 28-апрелде өз каалоосу менен вице-спикерлик кызматтан кеткен.