Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Дүйшөмбү шаарына болгон жумуш сапарынын алкагында Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода менен жолукту.
Маалыматка ылайык, тараптар негизинен Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун буга чейинки жолугушууларында жетишилген макулдашуулардын ишке ашырылышынын, алдыдагы кыргыз-тажик кызматташтыгынын күн тартибине киргизилген бир катар орчундуу маселелер боюнча сүйлөштү.
Өкмөт башчылары бул жылы кыргыз-тажик кызматташууларында маанилүү окуялар жана иш-чаралар болгонун белгилешип, маселен мамлекеттик чек ара боюнча тарыхый келишимдерге кол коюлганы, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын мамлекеттик чек араларынын тогошкон чекити аныкталып, жыйынтыгында Кожент декларациясы кабыл алынганына токтолушту.
Мындай келишимдер мамлекеттердин элдеринин ортосундагы мамилелердин тарыхына жаңы дем берип, кылымдар бою жанаша жашап жаткан аймакта жаркын келечекке жаңы үмүттү пайда кылганынын маанилүүлүгүн белгилешти.
Мындан тышкары тараптар Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмүн жогорулатуу жана авиа каттамдар боюнча маселелерди сүйлөшүп, бул тармактар эки элдин ортосундагы туризмди, бизнести жана маданий алакаларды өнүктүрүү үчүн кошумча стимул болорун билдиришти.
Жолугушуунун соңунда Адылбек Касымалиев менен Кохир Расулзода эки тараптуу мамилелерди чыңдоонун маанилүү доору башталганын, өлкөлөрдүн ортосундагы саясий, экономикалык жана маданий кызматташтык тереңдээрине ишенээрин билдиришип, эки мамлекеттин элин алдыдагы Курман айт майрамы менен куттукташты.
Тактап кетсек, өкмөт башчы Адылбек Касымалиев жумуш сапарынын алкагында КМШнын өкмөттөрүнүн башчыларынын жыйынына катышат.