25-апрелде Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кыргызстанга расмий сапар менен келген Словакия Республикасынын Тышкы жана европалык иштер министри Юрай Бланар менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Словакиянын ортосундагы кызматташтыктын учурдагы абалы жана мындан аркы өнүгүү келечеги, ошондой эле эл аралык күн тартибиндеги маселелер талкууланды.
Ж. Кулубаев Словакиялык тарапка Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан саясий, экономикалык жана социалдык реформалар тууралуу ошондой эле, транспорттук инфратүзүмдү, энергетиканы жана тоо-кен өнөр жайын өнүктүрүү жаатындагы келечектүү долбоорлор боюнча маалымат берди.
Тараптар БУУ жана башка эл аралык уюмдардын алкагында активдүү кызматташууну улантууга, ошондой эле бири-биринин демилгелерин жана талапкерлигин колдоого даяр экендиктерин билдиришти. Тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү жана климаттын өзгөрүшү менен күрөшүү багытындагы кызматташтыкты тереңдетүү маселелери да талкууланды.
Мындан сырткары, министрлер ар кандай деңгээлдеги сапарларды үзгүлтүксүз уюштуруу аркылуу саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташууну мындан ары да чыңдоого аракеттенишерин билдиришти.
Жолугушууда тышкы саясий мекемелердин жетекчилери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Словакия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлери үчүн визадан өз ара бошотуу жөнүндө Макулдашууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Тышкы жана европалык иштер министрлигинин 2026-2027-жылдарга карата кызматташуу программасына кол коюшту.
Соңунда Министрлер ЖМКга биргелешкен билдирүү жасашты.
Эске салсак, бул Словакиянын Тышкы иштер министрлигинин башчысынын Кыргызстанга акыркы алты жыл ичиндеги экинчи сапары.
Анара АРЗЫБАЙ кызы,
“Кыргыз Туусу”