Башкы беткеРубрикаларАймактарТуманбаев: "Колдонууга мүмкүн болбогон оорукана, мектеп, бала бакчалардын баары оңдолот"

Туманбаев: «Колдонууга мүмкүн болбогон оорукана, мектеп, бала бакчалардын баары оңдолот»

Президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев Ысык-Көл облусуна жумушчу иш сапары менен барып, аймактардагы социалдык маселелерди жеринде талкуулады.

Иш башкармалыктан билдиришкендей, ал инфраструктураны жакшыртууга, социалдык объекттерди оңдоого жана жаңы долбоорлорду ишке ашырууга басым жасап, тиешелүү мамлекеттик органдарга тапшырмаларды берди.

“Биз элибиздин жашоо-шартын жакшыртууга бардык күчүбүздү жумшап, социалдык объекттерде заманбап шарттарды түзүп, келечек муун үчүн бекем пайдубал курушубуз керек деп эсептейм.

Буюрса президентибиздин жеке көзөмөлү менен жарактан чыккан, колдонууга мүмкүн болбогон оорукана, мектеп, бала бакча ж.б. объекттердин баары оңдолуп, кайрадан курулат”,-деди Туманбаев.

Белгилей кетсек, иш сапардын жүрүшүндө бир катар маанилүү долбоорлор белгиленип, аларды ишке ашыруунун жолдору талкууланды.

Гезит

Кумтөр – өлкөнүн экономикалык эгемендүүлүгүнүн символу

  «Кумтөрдүн өлкөнүн толук менчигине кайтарылышы менен Кыргызстанда саясий коррупцияны жоюу башталды». Садыр Жапаров               Кумтөр кени 2021-жылдан тартып өлкөнүн...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар