Франция жана Испания акыркы бир айдан бери катуу бороон-чапкын жана сел каптоолорго учурады. Айрым айыл-кыштактарды суу каптап, темир жол жана коомдук транспорттун иши үзгүлтүккө учурады.
Франциянын Жиронда жана Ло и Гаронна департаменттеринде кооптуулуктун кызыл деңгээли сакталууда. Өлкөнүн дагы 21 департаментинде кызгылт сары деңгээл жарыяланып, Пиренеи тоолорунда кар көчкү коркунучу жогору экени эскертилди.
Франциянын селди көзөмөлдөө кызматы — Vigicrues билдиргендей, дарыялардагы суунун деңгээли өтө жогору бойдон калууда, ал эми топурак нымга толук каныккан. Мындан улам жаан суусу жерге сиңбей, түздөн-түз суу сактагычтарга агып жатат.
Мындан бир нече күн мурдагы “Нильс” бороонунан кийин, Испанияга “Ориана” аттуу жаңы бороон сокку урду. Ал нөшөрлүү жаан жана катуу шамал менен коштолуп, темир жол каттамдарын жана коомдук транспортту олуттуу бузду.
Адистер абал али да тынчсыздандырарлык экенин белгилешүүдө.

