Нарын облусунда кышкы туризмди өнүктүрүү жана аймактын туристтик мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатында “Бозо” фестивалы уюштурулду. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүк маалымдады.
Иш-чаранын алкагында кыргыз элинин улуттук суусундугу болгон бозонун түрлөрү жана аны даярдоонун салттуу ыкмалары кеңири тааныштырылууда. Коноктор бозонун жасалыш процесси менен таанышып, анын даамын татып көрүүгө мүмкүнчүлүк алышууда.
Мындан тышкары, “Нарын бренди” аталышындагы жергиликтүү азык-түлүктөрдүн көргөзмөсү уюштурулуп, аймактагы ишкерлердин жана кол өнөрчүлөрдүн эмгектери сунушталууда.
Фестивалдын жүрүшүндө кыргыз элинин улуттук баалуулуктарын даңазалаган улак тартыш, салбуурун, жаа атуу сыяктуу оюндар көрсөтүлүп, майрамдык концерттик программа менен коштолууда.
Белгилей кетсек, фестиваль 13-февралдан 16-февралга чейин уланат. Иш-чара ички жана чет өлкөлүк туристтерди тартууга, кышкы туризмди өнүктүрүүгө жана Нарын облусунун маданий мурасын жайылтууга багытталган.

