Президент Садыр Жапаров Министрлер кабинетинде кадрдык өзгөрүүлөр боюнча жарлыктарга кол койду. Бул тууралуу расмий маалыматта айтылды.
Талантбек Солтобаев транспорт жана коммуникациялар министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Анын талапкерлиги кызмат ордуна дайындоо үчүн Жогорку Кеңешке макулдашууга киргизилет.
Ошондой эле Акыл Токтобаев жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Анын талапкерлиги да парламенттин кароосуна сунушталат.
Мындан тышкары, буга чейин Урматбек Шамырканов өзгөчө кырдаалдар министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалганы маалымдалган. Анын талапкерлиги дагы Жогорку Кеңешке макулдашууга киргизилет.
Тиешелүү чечимдер мыйзам талаптарына ылайык кабыл алынганы белгиленди.

