Жогорку Кеңеш менен Европа парламенти парламенттер аралык диалогду активдештирүүгө жана Кыргызстан менен Европа биримдигинин ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүүгө даяр.
Мындай жыйынтык Жогорку Кеңеш менен Европа парламентинин ортосундагы парламенттер аралык кызматташтык комитетинин 18-отурумунда белгилүүү болду.
Жыйынга Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Жылдыз Таалайбек кызы жана депутаттар Салтанат Аманова, Махабат Мавлянова, Алтынбек Кылычбаев, Исманали Жороев катышты. Европа парламентинин делегациясын Джузи Принчи жетектеп, анын курамында Свен Симон, Тьерри Мариани, Кристиан Вигенин болду.
Отурумда Кыргызстан менен Европа биримдигинин ортосундагы кызматташтыктын учурдагы абалы жана келечеги, соода-экономикалык байланыштар, инвестициялык климат, аймактык саясат, билим берүү жана гуманитардык алакалар талкууланды.
Салтанат Аманова парламенттер аралык кызматташтык эки тараптын ишенимин бекемдөөнүн маанилүү механизми экенин белгилеп, диалогду мындан ары да ырааттуу өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди. Ал эми Алтынбек Кылычбаев Кыргызстан Европа биримдиги менен саясий жана экономикалык кызматташтыкты жигердүү улантып жатканын айтты.
Визалык режимди жеңилдетүү маселеси да күн тартибинде болду. Джузи Принчи бул багыт Европа биримдиги тарабынан каралып жатканын белгиледи.

