Токойлорду сактоо жана калыбына келтирүүгө багытталган долбоор ишке кирет

0
7270

Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Акылбек Мазарипов Азия өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.

Ведомствонун маалыматына ылайык, жолугушууда «Экосистемалардын туруктуулугун камсыз кылуу үчүн токойлорду сактоо жана калыбына келтирүү» долбоорунун концепциясы, аны ишке ашыруу механизмдери жана мөөнөттөрү талкууланды.

Акылбек Мазарипов токойлорду жакшыртуу өлкөнүн жаратылыш ресурстарын туруктуу өнүктүрүүдө гана эмес, климаттын өзгөрүшүнө каршы аракеттерди күчөтүүдө да стратегиялык мааниге ээ экенин белгиледи.

Долбоордун негизги максаты — мөмө-жемиш токойлорун сактоо, калыбына келтирүү жана туруктуу пайдалануу. Ошондой эле экосистемалардын туруктуулугун жогорулатуу жана айыл жергесиндеги калктын жашоо булактарын кеңейтүү каралууда.

Тараптар долбоорду ийгиликтүү ишке ашыруу боюнча мындан аркы кызматташууну улантууга даяр экенин билдиришти.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз