Кыргыз Республикасында жаңы мамлекеттик медиа бирикме — «Кыргыз Туусу» маалымат-басма үйү» мамлекеттик мекемеси түзүлдү. Тиешелүү токтомго Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Чечим Президенттин жарлыгын ишке ашыруу максатында кабыл алынып, мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарын өнүктүрүүгө жана чыңдоого багытталган.
Жаңы мекеме төмөнкү басылмаларды бириктирүү аркылуу түзүлдү:
- «Кыргыз Туусу» жалпы улуттук гезити;
- «Слово Кыргызстана» жалпы улуттук гезити;
- «Байчечекей» балдар журналы;
- «Ала-Тоо» адабий-көркөм журналы.
Бирдиктүү маалымат-басма үйүн түзүү мамлекеттик медиа системасын модернизациялоонун, башкарууну натыйжалуу кылуунун жана өлкөнүн маалыматтык мейкиндигин чыңдоонун маанилүү кадамы катары бааланууда.
Токтомго ылайык, жаңы мекеменин жобосу, штаттык саны, кызматкерлерге коюлуучу квалификациялык талаптар жана эмгек акы коэффициенттери бекитилди.
Бул чечим мамлекеттик маалыматтык стратегиянын алкагында бирдиктүү редакциялык саясат жүргүзүүгө, контент өндүрүү жана жайылтуу ишин жакшыртууга шарт түзөт.

