Башкы беткеРубрикаларАймактарЖалал-Абадда мурдагы ат майдандын ордуна 57 млн долларга базар салынат

Жалал-Абадда мурдагы ат майдандын ордуна 57 млн долларга базар салынат

Жалал-Абад шаарындагы мурдагы «Телтору» ат майданынын ордуна базар салынат. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгү билдирди.

Жаңы базар 22 гектардан ашык жерге курулат. Ал жакка шаардын борбордук бөлүгүндөгү базарлар көчүрүлөт деп пландалууда.

Курулуш иштерин «МСК групп» компаниясы жүргүзөт. Ал курулушка 57 млн доллар инвестиция салып, кийин базарды башкаруу укугун алат. Тиешелүү келишимге Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков менен компаниянын башкы директору Нурбек Исмаилов кол койду.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар