Башкы беткеСпорт жана туризмСпортБишкекте жаштар арасында грек-рим күрөшү боюнча өлкө чемпионаты өтөт

Бишкекте жаштар арасында грек-рим күрөшү боюнча өлкө чемпионаты өтөт

Бишкекте 20 жашка чейинки балбандар (U-20) арасында грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Мелдеш 25-26-февраль күндөрү Р. Санатбаев атындагы спорт комплексинде өтөт. Ага өлкөнүн бардык аймагынан келген спортчулар катышат.

Балбандар 55, 60, 63, 67, 72, 77, 82, 87, 97 жана 130 кг салмактарда күч сынашат.

Жеңүүчүлөргө «Тайманбас» олимпиадалык резервдеги балдар өспүрүмдөр спорт мектеби тарабынан тиешелүү даражадагы диплом жана медалдар тапшырылат.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар